Menu

Сүйүнчү! Депутат Салайдин Айдаровго тил бүтүп жыйында суроо берди

Бөлүшүү:

Бажы тармагын «бажарып» байлыкка ээ болгон Салайдин Айдаров деген көпөс бар. Жалаң мамкызматта жүрүп байлыгына ээ боло албай калганын жакын жүргөндөрү таң калуу менен айтып жүрүшөт. Капчыгы калың неме 2015-жылы «Кыргызстан» партиясы менен депутат болуп алган. Келгенден бери ооз ачып сүйлөй элек, «алтын балык» депутаттардын катарында. Же бир шайлоочулары менен жолугуп, аларга жардамын берип, алардын маселесин көтөргөнүн көрө элекпиз. Депутат катары бизнесин гүлдөтүү менен алек.

Ушул депутатыбыз бизди кубантты, эй! «Балык» сүйлөсө сиз деле кубанмаксыз да туурабы? Эки күн мурун ЖК жыйынынан Башпрокурор Өткүрбек Жамшитовго суроо берди. Унутуп калбайын дегенби, жарыктык жазып алган кагаздан окуп суроо беримиш этти. Ал суроого өзү түшундүбү билбейбиз, биз түшүнө алган жокпуз. Же ушунчалык эле юридикалык терминдер менен жазылганбы, айтор өтө «татаал» суроо экен. Салайдин мырза суроосун окуп бүтө электе, Башкы прокурор жооп берип баштады. Ал дагы кагаздан окуду. Айтор, алдын ала даярдалган суроо-жооп экени айдан ачык билинип турду. Эмнеси болсо дагы 4 жылдан бери ооз ачпаган депутаттын суроо бергенине ыраазы болуп турубуз. 2020-жылы 5 жыл үн катпай кайрадан депутат болом деп кантип уялбай эл алдына чыгат деп кыжалат болуп аттык эле, эмдиги жылкы шайлоодо «смело» талапкер болсо боло берет эми. Анткени бир жолу ооз ачты да трибунадан…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: