Menu

Мухиддин Кабири: Башкы прокуратура талашкан мүлк бизге тиешелүү эмес

Бөлүшүү:

Душанбе шаардык соту Тажикстан башкы прокуратурасы менен “Тажикстан Ислам кайра жаралуу” партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабиринин туугандары салган үйдүн ээлери арасындагы доону карай баштады.

Башкы прокуратура Мухиддин Кабириге карата Жогорку соттун өкүмү чыккандыгына байланыштуу жыйырмадан ашык батир менен бир нече дүкөн мамлекет менчигине өтүүгө тийиш деп эсептейт.

Былтыр Тажикстан Жогорку соту Кабирини мамлекетке чыккынчылык кылуу, бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн айыптап, сыртынан соттогон. Сот соттолуучунун катышуусуз жабык өткөн.

Тажикстан Башкы прокуратурасы жыйырмадан ашык батир жана дүкөндөр Мухиддин Кабири менен анын балдарына тиешелүү деп эсептейт. Былтыр райондук сот көзөмөл органдын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Бирок батирдин кожоюндары буга макул болбой, шаардык сотко кайрылышкан.

Дүкөн ээлери Низомиддин Насриддинов, Шохин Нарзуллоев жана Жамшед Нарзуллоев бул мүлктөрдү мыйзамдуу түрдө сатып алышканын билдиришүүдө.

Диний партиянын жетекчиси Мухиддин Кабири сөз болуп жаткан батирлер менен дүкөндөргө тиешеси жок экенин айтууда.

Мухиддин Кабири Тажикстандан 2015-жылы чыгып кеткен. Ошол эле жылы “Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы” террористтик уюм катары таанылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: