Menu

Рената Есембаева, Дүйнөлүк Банктын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун директорунун милдетиин аткаруучу: “Жакшы жолдор картадагы чекиттерди гана бириктирбестен карапайым калктын жашоо шарттарын да жакшыртат”

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары Кыргызстандын ички жолдору кеңейип, жаңыланып, ошондой эле мыкты сапаттагы стандартка жооп бере турган жаңы жолдордун салынып жатканы бизди кубантууда. Заңгыраган курулушу менен эл аралык карым-катнашыбыз кенен жайылат деген изги тилекте жашап келебиз. Жол куруу багытында биздин жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алып келген Дүйнөлүк Банктын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун (мындан ары ДБ ИДИАТ) директорунун милдетин аткаруучу Рената Есембаеваны кепке тарттык…

—Рената айым, азыркы учурда Ош-Баткен-Исфана-Худжант жол коридорун реабилитациялоо боюнча курулуш иштери аткарылып жаткандыгы баарыбызга маалым. Ушул долбоор боюнча маегибизди баштасак…

—Борбор Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу программасынын биринчи фазасынын (мындан ары кыскача аталышы БАЖКЖП-1) алкагында курулуш иштери аткарылды. Долбоордун максаты Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук каттамдарды жакшыртуу болуп саналат. Программанын биринчи фазасынын алкагында Кыргызстандын Ош жана Баткен областтары менен Тажикстан Согди областынын транс чек аралык каттамдарды кайра калыбына келтирүү каралган. Долбоордун алкагында жогоруда аталган жол коридорунун болжол менен 5-6 чакырымы тактап айтканда Исфанадан Кайрагач көзөмөл өткөрүү пунктуна, Баткенден Төрткөлгө жана Баткен ден Кызыл-Бел көзөмөл өткөрүү жайына чейинки аралык реабилитацияланат.

БАЖКЖП-1 долбоору удаа келген эки долбоордун бир бөлүгү катары иштелип чыккан. Программанын экинчи фазасы Тажикстанда ишке ашырылууда.

—Биздин өлкө үчүн бул жол кандай мааниге ээ?

—Аталган жол коридорунун жол бөлүктөрүн реабилитациялоо алыскы аймакта жайгашкан Баткен областынын калкынын жашоо шартын жакшыртууга жана жакырчылыкты жоюуга кошкон салымы аркылуу туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда маанилүү ролду ойнойт. Ушул долбоордун ишке ашуусу менен коңшу Тажикстан менен болгон интеграцияны жана аймакты өнүктүрүүгө өзүнүн олуттуу салымын кошот деп үмүттөнөбүз. Жүргүнчүлөрдү ташуунун 95%, ал ами жүк ташуулардын 60% жол транспорту аркылуу аткарылаарын эске алсак, жолдордун жакшыруусу коңшу өлкөлөр менен болгон соода-сатыкка да оң таасирин тийгизет.

Негизинен ушул жол аркылуу биздин өлкөбүздүн түштүк-батыш жагында жайгашкан Баткен областына барат жана областтын алыскы аймактарында жайгашкан айылдарын райондордун борборлору, Баткен шаары жана түштүк борбор саналган Ош шаары менен байланыштырат. Мындан сырткары, ушул жолду министрлик тарабынан курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу менен бириктирүү аркылуу Ысык-Көл областына чыга алабыз. Андан ары Түп-Кеген унаа жолу аркылуу Казакстан жана Орусияга жол ачылат. Эгерде ушул жол Ош-Сарыташ-Иркештам транспорт коридорунун уландысы экенин эске алсак, анын Кытай менен болгон соода-сатыкты өнүктүрүүдө мааниси зор экендиги байкалат.

—Ушул жол аркылуу бир топ өлкөлөргө баруу мүмкүнчүлүгү ачылаарын айтышууда. Маселен, бул жол аркылуу биздин ишкерлер кайсы өлкөлөрдөн кайсы өлкөлөргө товар ташыса болот?

—Негизинен ушул жол аркылуу эл керектөөчү товарлар (тамеки, пахтаж.б.), чала фабрикаттар, чийки заттар жана жабдыктар ташылат. Товарлар КЭР, Кыргызстан, Тажикстандын түндүк бөлүгу, Өзбекистан, Казахстан жана Россия өлкөлөрүнүн ортосунда ташылат.

—Курулуш иштери кандай стадияда турат?

—Баткен-Төрткүл жана Баткен-Кызыл-Бел көзөмөл өткөрүү жайы жол бөлүктөрүндө курулуш иштери соңуна чыкты. Исфана-Кайрагач көзөмөл өткөрүү жайы жол бөлүгүндө курулуш иштери кийинки 2020-жылы аякталат.

—Жол кайра калыбына келтирилгенден кийин кандай болот?

—Мисалы үчүн азыркы Ош-Бишкек жолундагыдай болот. Техникалык категория боюнча жолдун параметрлери III техникалык категорияга шайкеш келет, ал эми кээ бир жол бөлүктөрү IV техникалык категорияга шайкеш келет. Эки тилкелүү жолго калыңдыгы 11 см болгон эки катмарлуу асфальт төшөлөт. Жолдун унаалар жүрүучү бөлүгү 7 м ал эми чети 2,5 м. түзөт.

—Бул жолго канча каражат коротулуп жатат жана кайсы каражаттарга аткарылууда?

—БАЖКЖП-1 долбоорунун жол бөлүктөрүн реабилитациялоо Дүйнөлүк Банктын колдоосунда ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы наркы 54 миллион АКШ доллары, анын ичинен 45 миллион АКШ доллары Дүйнөлүк Банктын каражаты, ал эми 9 миллион АКШ доллары Кыргыз өкмөтүнүн кош каржылоосу.

—Адис катары айта кетсеңиз, ушундай максат менен эл аралык донорлордун каражаттарын тартуу туура эле кадамбы, сиз буга кандай карайсыз?

—Жакшы жолдор картадагы чекиттерди гана бириктирбестен унаа каражаттарына сарпталган чыгымдарды олуттуу түрдө азайтат, жергиликтүү продукдиянын атаандаштыгын жакшыртат жана карапайым калктын жашоо шарттарын билим берүү, саламаттыкты сактоо кызматтарынан жана башка кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнүн жакшыртуусу аркылуу да жакшырат. Ошондуктан жол тутумдарын өнүктүрүү жана жакшыртуу аябай маанилүү, бирок эл аралык донорлордун колдоосусуз мындай жумуштарды аткаруу бизге бир топ оор болот.

—Жолдорду сактап калуу боюнча кандай сунуш айтат элениз? Дегеним, жаңы салынган жолдорду сактап калуу да аябай маанилүү эмеспи…

—Биздин долбоордун дагы бир олуттуу салымы бул 5 көзөмөл өткөрүү жайларында (өлкөнүн түндүгүндө Сосновка жана Кемин, ал эми туштүгүндө Каратай, Жаңы-Арык, Көк-Талаа) орнотулган оор жүк ташыган транспорт каражаттарын жүрүп бараткан маалында таразага тартуу динамикалык системасы үчүн жабдыктар. Сатылып алынган система транспорт каражаттарын жүрүп бараткан маалында таразага тартып белгиленген өлчөмдөн ашык жүк жүктөгөн унааларды аныктай алат. Жаңы системанын өзгөчөлүгү бул асфальтка орнотулган атайын датчиктер жүрүп бара жаткан унаа каражаттардын түрүн, унаа огун, салмагын жана окко болгон салмакты автоматтык түрдө анализдей алат, ал эми орнотулган камералар унаа каражатынын номерин аныктай алат. Маалыматтар топтолгондон кийин система графикалык түрдө унаа каражаты тууралуу түшкөн маалыматты операторго жиберет жана алынган маалыматтын негизинде оператор тиешелүү иш-чараларды аткарат.

Заманбап технологияларды колдонуу зарылчылыгы ашыкча же туура эмес жүк жүктөгөн унаалардын айынан жолго келтирилген зыяндардан улам пайда бблууда. Ушундай зыяндардан улам жолдорду оңдоп түздөө иштери кымбат баадагы инвестицияларды талап кылууда.

Мындан сырткары долбоордун алкагында Ош-Баткен-Исфана жол башкармалыгынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар аткарылат, тактап айтсак ушул жол башкармалыгына жалпы наркы 4 миллион АКШ долларына барабар техника жана жабдыктар сатылып алынат. Ушул иш-чаралар аталган жолду тейлөөнү жакшыртат деп үмүттөнөбүз.

—Жыйынтыктоочу суроо берсек, ДБ ИДИАТ тарабынан жол тармагында дагы кайсы долбоорлор ишке ашырылууда?

—Азыркы учурда Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасын ишке ашыруу боюнча каржылоо тууралуу макулдашууга Дүйнөлүк Банк менен кол коюу боюнча мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылууда. Аталган долбоордун алкагында Түп-Кеген жолун 39 чакырымдан 7о чакырымга чейинки бөлүгүн Каркыра көзөмөл өткөрүү жанына чейинки чейинки бөлүгү реабилитацияланылат. Түп-Кеген унаа жолунун реабилитацияланышы менен Каракол шаарынан Алматы шаарына чейинки жол убактысы эки эсеге, башкача айтканда узундугу 660 чакырымды түзгөн Алматы-Бишкек-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолу менен каттабай Алматы-Түп-«Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы Каракол унаа жолу аркылуу каттаса, анда жолдун узундугу 383 чакырымды түзөт.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: