Улугбек Марипов деген жаш жигит Эсеп палатасына жаңы жетекчи болуп иштеп жатканына 3 жылдын жүзү болду. Ачыгын айтыш керек, али актай барактай таза кезинде келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп жүрүп кызматтык секирик жасаган. Бул жигиттен элдин да үмүтү чоң эле, эл ичинде биздин да үмүтүбүз чоң эле. Ушул жаш жетекчи Эсеп палатасынын кадр саясатына кылдаттык менен өзгөртүү киргизсе экен, тазаласа экен деп. Ооба да, «жаңы кан» куюлмайын ансыз да ажолорго «кошелек» болуп келген бул тармакка келген жетекчинин баары реформа кылбай эле өздөрү
кантип сүңгүп кирип кеткенин аңдабай калып атышпайбы. Сталин айткандай «кадрлар баарын чечет» деген доордо жаңы, таза, абийирдүү кадрларга эсеп палатасы абдан муктаж. Тилекке каршы Улугбек мырза деле мурунку жетекчилер сыяктуу көптүн бири болуп реформадан майнап чыгара албайт өңдөңөт. Ал жакты тазаламак түгүл кызмат ордумду кантип сактап калам деген баш оору менен убара болуп жатканын эшиттик. Жакында эсеп палатасынын төрагасы алмашат экен деген сөздөр тегин жерден айтылбаса керек. Марипов мырза эптеп эбин таап ордун сактап калабы же ээрден оодарылабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ