Menu

Табылды Акеров: “Бабанов пиар-акция менен келип, бийликти митингдер менен жүдөтүп, премьер-министрдин кызматын ээлөөнү көздөгөн”

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде экс-президент А. Атамбаев, Ө. Бабанов активдүү болушуп, коомчулук, соцтармактар бул экөөнүн аракеттерин чоң талкууга алып жатышты. А. Атамбаев жеке таарынычтарынын айынан парламентти «чимкирик» деп атаганга чейин барып, сөзгө калды. Ө. Бабанов болсо өзүнүн Кыргызстанга кайтып келүүсүн саясатташтырып, өлкөнүн жападан жалгыз сактоочусу болуп таанылууга аракеттенди. Ошондон улам гезитибиздин бул санында эки саясатчынын аракеттерин иликтеп, аларга баа бериш үчүн саясат таануучу Табылды Акеровду кепке тарттык.

— Табылды мырза, сиз бул окуялардын алгачкы күндөрүнөн тартып эле өз бааңызды берип, «Бабанов өлкөгө келбейт» деп жазып жаттыңыз. Ө. Бабанов эмне үчүн дал ошол күндөрү өлкөгө кайткысы келди? Эмне үчүн ал мурда мындай аракеттерге барган эмес? Бабанов ошончолук эле коркокпу?

— Бабанов келмек. Бирок, өлкөдөгү саясий окуялар ал каалагандай нукта өнүкпөй калды. Президент С. Жээнбеков парламентке барып өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсү жөнүндө доклад жасагандан кийин, Бабановдун өлкөгө кайтып келүү боюнча проблема өзүнөн өзү жокко чыкты. Себеби, анын эртеси 12-апрелде өкмөт башчы М. Абылгазиев парламентке барып, өкмөттүн 2018-жылдагы иши боюнча көпчүлүк коалициянын алдында отчёт берди. Көпчүлүк коалиция анын ишин канааттандырарлык деген баага баалап койду. Башкача айтканда, өлкөдөгү саясий процесстер Бабанов каалагандай өрчүбөй, тескерисинче, анын келишине караманча каршы өнүгүп кетти. Өлкөдө жаңы саясий абал түзүлдү. Эми мурдагыдай, өкмөт чабал, иштей албай жатат деп сындоого мүмкүн эмес болуп калды. Бабанов өлкөнү сактап калуучу, өлкөгө жаңы өзгөрүүлөрдү киргизе турган жападан жалгыз саясатчы деген образ жоголду. Абылгазиевдин өкмөтү өтө деле кашаң эмес, тек гана пиардан алыс болуп, ишти акырын жылдырып бараткан өкмөт болуп чыга келди. Мындай абалда Бабанов бийликке каршы өзү каалагандай чабуул койгон оппонент болуп бере албайт эле. Ошого Бабанов өлкөгө кайтуу пландарын өзгөртүүгө мажбур болду.

— Ө. Бабанов өзүн өлкөнүн жападан жалгыз сактоочусу, реформист, өзгөртүүчү катары пиар кылбай эле келсе болбойт беле?

— Болмок. Бирок, ал УКМК камап коёбу деп чоочуркады. Ошого Ө. Бабанов өлкөгө түз кирүүгө даай албады. Камабаса да, өлкөдөн чыгууга тыюу салып койсо, ал өлкөдөн таза чыккыс болуп калмак. Тергөөчү анын аракеттеринен кылмыш ишин тапса, анда кийин аны камап коюуга мүмкүн болчу. Анткени, Ө. Бабановго президенттик шайлоо учурунда Он-Адырда сүйлөгөн сөзү үчүн жана бийликти басып алуу аракети болгон деген негизде эки кылмыш иши ачылган. Мындан башка да, АКБ «Кыргызстан» банкынын кызматкерлери жана башка да бизнесмендер менен проблемалары болгондугу белгилүү болуп, анын аркасынан ар кандай сөздөр жүрө баштады. Ошого Бабановдун өлкөгө кайтышы, биринчи кезекте, ага каршы ачылган кылмыш иштерине байланыштуу болгон. Ошого ал өлкөгө кайтыш үчүн өтө оптималдуу жолдорду издеген. Биринчиден, өтө чоң пиар акция менен келип, башка күчтөрдү да өзүнө кошуп, өлкөгө чуу салып, бийликти митингдер менен жүдөтүп, премьер-министрдин кызматын ээлөөнү көздөгөн. Эгер аны көп күчтөр колдоп кетсе, өлкөдө бийлик алмашып кетиши толук мүмкүн болчу. Бирок, тилекке каршы, андай болбой калды. Экинчиден, Ө. Бабанов өлкөгө келип, өтө таасирдүү кызматка илинбесе, ал эч убакта ага каршы ачылган кылмыш иштерин жаба алмак эмес. Ошондуктан, өтө ыңгайлуу жолдорду караштырган. Ал эң оболу элдин колдоосуна ээ болууну көздөгөн. Элдин колдоосу менен премьерди кетирип, анын ордун ээлеп алуу, ал үчүн өтө ыңгайлуу позиция болгон. Андан кийин, ага Президент да, парламент да, Атамбаев да эч нерсе дей алмак эмес. Ал өлкөнү элдин атынан башкарып жаткан саясатчы катары бийлик жүргүзүүгө жетишмек. Үчүнчүдөн, Ө. Бабановдун өлкөгө кириши үчүн, өлкөдө хаос орноп, митингдер болуп турушу шарт болчу. Бийлик өлкөнү контролго ала албай, кыйналып, жүдөп турган абал жаралыш керек болчу. Мындай абалда өлкөгө анын жалгыз сактоочусу катары кирип келүү да өтө ыңгайлуу жана оңой эле. Ошого аны колдоо иретинде бир эле маалда түндүктүн төрт шаарында – Бишкек, Кара-Кол, Нарын, Таласта митинг өткөрүү пландаштырылган. Ө. Бабановду түндүктөгү бирден-бир лидер катары көрсөтүү талап болуп, ошондо бийлик аны менен эсептешет деген кыял болгон. Мына ушундай жолдор менен өлкөгө кайткандан кийин, Ө. Бабановго ага каршы ачылган кылмыш иштерин жабуу алда канча оңой болмок.

— Демек, Ө. Бабановдун өлкөгө кайтуусунун бирден-бир себеби, ага каршы ачылган кылмыш иштерин жабуу болгон десек туура болобу? Бирок, ал өлкөнү сагындым, Ата Журтума кайткым келди деп айтпадыбы?

— Ооба, Бабанов 1,5 жыл алыста жүрүп, өлкөнү сагынганын айтты. Бирок, бүгүн 1 млнго жакын кыргыздар Орусияда, Казакстанда, АКШда, Батышта 15–20 жылдап, өлкөгө кайтпай эле, мигрант болуп, ошол жакта иштеп, үй-бүлөсүн багып жатышпайбы. Алар да өлкөнү сагынып жатышат да. Бирок, алар Бабановчулап 1,5 жылдын ичинде кусага батып, кайткысы келгенин бүт коомчулукка жар салган жок да. Өзүлөрүнүн кайтууларын пиар кылып, өтө чоң дайындыктарды көрүп жатканын ким көрдү? Мунун баары жалган популизм болчу. Бабанов өлкөгө келип, кылмыш иштерин жаап, кийинки шайлоолорго дайынданууну көздөгөн. Болгону ошол.

— Айрымдар өлкөгө кайтса, Атамбаев аны колдонуп, өлкөгө бүлүк салмак деп жатышат. Сиз кандай деп ойлойсуз?

— Атамбаев Бабановдун келишин аябай каалады. Ал тургай, ачык эле Бабановдун эч күнөөсү жок болчу деп билдирип да жиберди. Атамбаев Бабанов өлкөгө кирсе, аны бийлик менен каршылаштырып, пайда табууну көздөгөн.

— Бабановдун келбей калышынан ким утту? Бабанов бала кыялдыгынан уттурган жокпу?

— Эң биринчи болуп кыргыз коомчулугу, бийлик жана Бабановдун өзү утту, ал эми Атамбаев утулду. Бабанов камалбады, Атамбаевдин марионеткасы болбой калды. Бабанов тууралуу бийликке көз арткан, аны басып алгысы келген, өзгөчє бир монстр сымаал образ түзүлмөк. Өмүрбекти бала кыял деп коюшат. Ошого ал өтө чоң пиардын негизинде өлкөгө кирсемби деп ойлоду. Анын мындай аракеттери коомчулукта ар кандай сөздөрдүн пайда болушуна себеп болуп, аны бийликти басып алат экен дегендей пикирди жаратты.

— КСДП партиясы экиге бөлүнүп кетти. Мындан ары Атамбаевдин тагдыры кандай болот? Ал коррупционер командасынын айынан камалып кетип, КСДПдан биротоло айрылып калабы?

— Менимче Атамбаевдин күнөөсү болсо, аныкталып калса, анда ал да жоопкерчиликти тартат. Аны атайылап камашпайт. Бирок, анын камакта олтурган командасы бардык кылгандары үчүн мыйзам алдында жооп беришет. Бул бардык мамлекеттик кызматтагы саясатчыларга чоң сабак болуп калат. Ошол эле учурда, А. Атамбаев тилин тыя албай, саясий өлүккө айланып, соттолуп кетип, эркинен ажырап калышы мүмкүн. Мисалы, Атамбаев парламентти атайы өткөрүлүп жаткан иш-чаралар алкагында эки жолу «чимкирик» деп атады. Биринде, 17-мартта Форум ишканасынын алдында Аксы окуяларында курман болгондорду эскерип, элдин алдында сүйлөп жатып «парламент чимкирик» деп өлкөнүн парламентин жана анын 120 депутатын кемсинткен. 20-мартта ЖКнын спикери Д. Жумабеков Атамбаевге жооп иретинде кайрылган. Бирок, ага карабай, А. Атамбаев 7-апрелде элдин алдында сүйлөп жатып дагы бир жолу спикерди жана депутаттарды чимкириктер деп кемсинткен. Экс-президент А. Атамбаев КСДПнын төрагасы катары каралып жатат. Анын ар бир сөзү саясий кеңеште каралып, анын макулдугу менен коомчулукка таркатылат. Демек, КСДПнын саясий кеңеши да Атамбаевдин парламентти «чимкирик» дегенине макул болгонбу деген суроо туулбай койбойт. Парламент бул саясий институт. Кыргызстандын Конституциясы боюнча парламенттин ролу өтө чоң. Өлкөнүн парламентин, анын спикерин, 120 депутатын минтип мазактоонун өзү кылмыш. Менимче, спикер жана парламент экс-президент А. Атамбаевдин саясий макамын урматтаганынан эле унчукпай жатат. Бирок, коомчулукта бул кылыктары үчүн А. Атамбаевге каршы кандайдыр бир чара көрүлүшү абзел, сот жообуна тартылуусу керек дегендер да толуп жатат.

Маектешкен: Орозбек Кыялбек уулу

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: