Menu

1 миллиард евролук келишим… Президент Сооронбай Жээнбеков Германиядан олжолуу кайтып келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөп: «Бүгүн кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүгө чакырам» – деди. Ошого улай, Кыргызстан үчүн ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске германиялык инвестицияларын тартуу актуалдуу экенин баса белгилеген Мамлекет башчысы бул максатта Кыргызстанда германиялык экономиканын өкүлчүлүгүн ачуу, стратегиялык кызматташтык боюнча ишкерлер Кеңешин түзүү зарыл экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушуусунда: «Биз биргелешкен долбоорлорду ачууга жана германиялык жана бавариялык өнөктөштөр менен кооперативдерди түзүүгө максималдуу колдоо көрсөтөбүз. Ушул күндөрү биз Германия кооперативдеринин улуттук союзу жана Кыргызстандын кооперативдер союзу ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу пландаштырылууда. Бул биргелешкен долбоорлорду жана инновациялар менен инвестицияларды ишке ашыруу үчүн жана кооперативдер системасында адистерди окутууда укуктук негиз болот» деди.

Экинчи күнү жолугушуула башталды

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Берлин шаарында Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Ажону жылуу кабыл алган Штайнмайер: «Сиз Германияга биринчи жолу келген жоксуз жана биздин өлкөнү жакшы билесиз. Мен дагы Бишкекте болгонмун жана сиздердин өлкө, эли жана жаратылышы мага абдан жаккан» деди. Ал Кыргызстан парламенттик демократия жолунда ишенимдүү бара жатканын, ошондуктан Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында ишке ашып жаткан кайра куруулар чоң суктанууну жана урматтоону пайда кылып жатканын баса белгиледи.

Ангела Меркель менен жолугушту

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгилеп: «Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы, өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жакшы. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес» деди. Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.

Жолугушуудан кийин Ангела Меркель менен басма сөз үчүн билдирүү жасаган маалда Сооронбай Жээнбеков: «Бүгүн биз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайбыз жана келечектин пландарын белгилейбиз. Акыркы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар бир топ активдешти. Буга 2016-жылы Федералдык Канцлер Ангела Меркелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши өбөлгө түздү» деди.

1 миллиард евролук келишимге кол коюлду

«Алар эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарын ичине камтып, өз-ара ишеним жана түшүнүү маанайында болуп өттү. Кечээ Мюнхен шаарында Бавариянын жетекчилиги жолугушууларды өткөрдүм. Ханс Зайдел атындагы Фонддо чыгып сүйлөдүм. Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кенен айтып бердим. Биз эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан кыргыз-герман ишкерлер-форумун өткөрдүк. Экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган байланыштар түзүлдү. Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда 10дон ашуун маанилүү документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы суммасы 1 миллиард евродон ашат» деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Германия кыргыз студенттерин кабыл алууга даяр

Германия билим берүү жаатында жаштар менен алмашуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алды. Бул тууралуу ГФР федералдык канцлери Ангела Меркель ачык билдирип: «Биздин өлкөлөр ортосунда билим берүү чөйрөсүндө 25 өнөктөшүбүз бар. Германияда 500дөн ашык студенттер окушат жана сиздердин делегацияда немис азчылыгынын өкүлдөрү бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирген көпүрө болушууда. Бүгүн Кыргызстанда дагы 8 миң немистер жашашат» деди.

Мындан сырткары Меркель айым: «Сиздер Кыргызстанды жана өлкөнүн өнүгүү чөйрөлөрүн жакшы көрсөттүңүздөр. Өлкөнү регионалдык бекемдөө боюнча милдеттерге чоң урматтоо менен караймын. Өзгөчө сууну пайдалануу жана климат чөйрөлөрүндө. Арал деңизин сактоо боюнча фонддун алкагында биз бул көйгөйлөрдү биргелешип чечебиз. Евробиримдик азыр Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгууда жана бул контекстте биз сиздер ЕБдан эмнени күтөөрүңүздөрдү уккубуз келет» деп кошумчалады.

Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту

Кыргыз Президенти Берлин шаарында Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту. Шойбле менен дүйнөдөгү саясий кырдаал жана Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусунун келечеги тууралуу пикир алмашышты. Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити жана анын алкагын да өткөрүлгөн жолугушуулар тууралуу айтып берип, бул визит эки тараптуу карым-катнашты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө болоруна үмүттөнөөрүн билдирди. Ошондой эле Кыргызстан Германия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Бундестагдын төрагасын Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Ток этээрин айтканда, президенттин Германияга болгон иш сапары жемиштүү болуп, өлкөгө олжолуу кайтты. Ылайым өлкөбүздүн зоболосу көтөрүлүп, кадыры арта берсин.

Зулпукаар Сапанов
Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: