Menu

Дүйнө Кытай туристтерине кандай шарт түзөт?

Бөлүшүү:

Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышы ушунчалык кооз, кышы-жайы дебей туристтер келип эс алса болот. Албетте, өлкөнүн коопсуздугу баарынан өйдө турат. Ошондуктан виза маселеси дыкат каралышы керек. Мисалы Кытайдын көпчүлүк туристтери дал ушул виза маселесинин татаалдыгынан улам шарттары жеңилдетилген башка өлкөлөргө чыгып кетишүүдө. Россия, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдө бул маселе жөнгө салынган. Маселен эң көп калкы бар өлкөлөрдөн туристтерди кантип тартсак болот? Төмөндө ушул тууралуу сөз кылабыз…

Таиланд Кытай туристтерин тартуунун жакшы жолдорун тапкан

Калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган бул – Кытай Эл республикасы. Калкы дээрлик 1,5 миллиарддын тегерегинде. Мына ушул өлкөдөн жылына миллиондогон туристтер саякатка дүйнө жүзүнө чыгышат. Аларды өзүнө тартуу үчүн Таиланддын бийлиги көп аракеттерди көрүп, виза маселесин жеңилдеткен. Аны менен катар туристтик жайлардын баасын түшүрүү жолдорун иштеп чыгышкан. Мисалы 3 же 5 кишиден биригип өлкөгө кирүүгө дагы уруксаат берилип алардын коопсуздугуна мамлекет өзү кепил болот. Мындай ыкмадан кийин Таиланд өлкөсүнө өздөрү да күтпөгөн көп туристтер келген.

Ал эми 6 миллионго чукул калкы бар Финляндиячы?

Таиланддын эле ыкмасын колдонгон Финляндия кытайлыктар үчүн дагы бир система акчаны которууну жөнгө салган. Кытайлыктар акчаны колуна кармабай дайыма электрондук «АLіра» жана «WеСһаt» капчыктарында кармашат. Учурда Финляндияга келген кытай жараны жогорудагы системаны пайдаланып каалаган нерсесин сатып ала алат. Жыйынтыгында туристтердин саны 2018-жылы 2016-2017-жылдарга караганда 63%га өскөн. Тактап айтканда 10 миллион кытай туристи өлкөгө кирип саякаттап чыккан. Орточо эсеп менен алганда ар бир турист 1553 АКШ доллардын тегерегиндеги каражат коротуп, Финляндиядан өздөрүнө керектүү нерселерди сатып алган.

Орусияга Кытай туристтери визасыз киришет

Баарыбызга белгилүү «Вести» сайты Кытай туристтеринин көбү Орусиянын кооз жаратылышына кызыгаарын жазышкан. Ал туристтердин 50 жаштан өткөн айымдар жана 63 жашган өйдө карыялар. Орусияга турист катары 30-40 адам болуп кирген кытай жарандары визасыз киришет. Эгер жалгыз келе турган болсо виза менен кирүүгө туура келет. Кытайлыктар үчүн Россияда 7-9 күн саякаттоо жетиштүү. 8 күндүк эс алууга ар бир турист алдын ала 5-8 миң юань тагыраагы 45-70 миң рубль төлөйт. Баса, Орусия атайын кытай туристтсри үчун визасыз рсжимди киргизгенден кийин келгендердин саны 24%га өскөн. Бул 850 миңге чукул кытай жараны турист болуп келип кеткен дегенди билдирет.

Кытай туристтерин талашкан Казакстан 

Ошондой эле айлыгы өтө чоң эмес кытай алыс бара албайт. Виза жасатууга кошумча каражат короткулары келбейт. Ошондуктан алар виза ачпай бирок коопсуздугуна мамлекет өзү кепил болуп, тыкыр көзөмөл менен саякаттатып туруп кайра чыгарып жибере турган жакынкы өлкөгө барууга кызыкдар болушат. Буга биздин Кыргызстан абдан ыңгайлуу. Мындан сырткары айрым акчасы бар кытайлык туристтер келгенде инвестор катары дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өлкөнүн ички тартибин, маданиятын караштырып кетишет.

Мисалга айтсак, Казакстандын бийлиги кытайлык туристтерге визасыз режим киргизүү ыкмасын колдонуп баштаганда коопсуздук үчүн мындай кадамга барбагыла деп бийликке бир топ нааразычылыктар айтылган. Бирок туристтерди “Нурсултан” аба майданынан тосуп алып кайра белгиленген мөөнөтү бүткөндө узатып коюуучу атайын топ иштээрин укканда эл бийлик менен макул болгон. Кытай туристтерин көбөйтүү үчүн атайын «Эйр Астана» авиа комианиясы өзүнүн билет бааларын арзандатып, шарт түзүп жатат. Мунун натыйжасында келген туристтердин саны мурдагыга салыштырмалуу 14%га өскөн. Бул деген бир айда Казакстанга 94 800 кытай кирип чыкты дегенди билдирет.

Жыйынтык ирээтинде…

Кытай туристтери үч үн эң негизги маселе коопсуздук. Алар эч качан жалгыз келбейт. Тил билбегендиктен дайыма котормочуга муктаж болушат, ошондой эле карылар курбулары, жаштар болсо үй-бүлөсү менен эс алгылары келишет. Интернетти үзгүлтүксүз колдонушат. Мындан сырткары туристтерди тосуп алган атайын топ же тагыраагы туристтик фирманын өкүлдөрү кооз эс алуучу жайларга алып барышы керек. Адашып кетпеш үчүн атайын бир адам шайланып дайыма Кытай Эл республикасынын кичинекей кызыл туусун көтөрүп жүрөт. Бул «биз мындабыз» дегенди билдирет. Кытайлыктар саякаттаган өлкөгө туугандары, достору же үй-бүлөсү менен чакан топ болуп келүүнү каалашат. Эгерде Кыргызстан Таиланд өлкөсүнүн ыкмасын колдонсок, ар бир кытай туристтин тыкыр кайтаруу менен саякаттатып туруп, кайра аба майдандан узатып жиберип, туристтерди көбүрөөк өзүбүзгө тартсак экономикабызга бир топ тыгынчык болот беле деген ой келет. Дегенибиз, Кытайдын расмий маалыматтарын эске алсак, бир айда эле 129 миллион кытай жараны турист болуп чет өлкөгө чыгып келет. Бул кытай туристтери дүйнөлүк туристтердин ичинен лидер дегенди билдирет.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: