Menu

Нурлан Өмүркул уулу: “Калиев кайнатасы Тынаев менен тууганы Айтургановду кызматка койгон”

Бөлүшүү:

2018-жылдын январь айындагы Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагындагы соттук процесс Биринчи май райондук сотунда кызуу жүрүүдө. Кырсыктын себептерин жана кесепеттерин аныктоо боюнча соттук териштирүү жумасына эки, үч жолудан коюлуп, отурум улантылып жатат.

Акыркы стадиясына жетип калды десек болот. Буга чейин ар кайсы жогорку окуу жайдан тартылган эксперттер менен ЖЭБте иштеген күбөлөр суралып, айыпталуучулардын баары көрсөтмө берип бүткөн. Азыркы тапта жыйынтыктоочу сөздөрү сүйлөнүп жатат.

Судья иш менен тааныштырып бүтөрү менен айыптоочулар өз өкүмүн окуп, А.Калиев, Н.Садыков жана Т.Бримкуловго 2,5 жыл, ЖЭБтин экс-жетекчиси Н.Өмүркул уулу менен башкы инженер Н.Қурманалиевге 5 жыл, «Электр станциялар» экс-жетекчиси У.Кыдырбаевге 5 жыл, орун басары Б.Боркоевге 10 жыл жаза чегерүүнү сураган. Андан кийин айыпталуучулар адвокаттары менен бирге актанганга аракеттенүүдө. Кыргызда: «Ууру тойгуча жеп, өлгөнчө карганат» деген нарк-нускалуу кеп бар. Анын сыңары, сүйлөгөндөрдүн сөзүн угуп отурсаң, дегеле эч кимисинде күнөө жок, баары таптаза. Эгер баары сүйлөгөндөй таза болсо, кырсык болмок эмес да?

Экинчиси, айыпталгандар бүт лөктөр болгондуктан, кырсыктын себебин жөнөкөй кызматкерлерге оодарганга аракет кылышууда. Нөөмөттөгү кызматкерлердин жоопкерсиздигинен улам, ошондой эле нормадан ашыкча сууктун айынан кырсык катталды деген нерсеге таянышууда. Айыпталгандардын арасында бир гана Нурлан Өмүркул уулу жөнөкөй кызматкерлердин эч кандай күнөөсү жоктугун айтып, жогорку инстанциядагы жетекчилер өз учурунда айнектерди коюп, от казандары жайгашкан цехти жылууланбагандыгынын айынан түтүктөр тоңуп калды, кырсык болду дегенди айтып жатат. Бул ой менен башкалары макул эмес.

Жыйынтыктоочу сөз сүйлөп жаткан Айбек Калиев өзү менен тегерек четиндегилердин күнөөсү жоктугун саймедиреп, бирдалай цифраны айтып божурап, аягында бир гана адамдын таарынычынын айынан түрмөдө жатканын айтып жарылып алды. Ал иштен алынган Нурлан Өмүркул уулу экен. Аны колунан келишинче «боктогонго» аракеттенип, ЖЭБте үй-бүлөлүк кланды орноткон дегенге чейин барды. Мамлекет жетекчиси так ушундайлар менен күрөшүп жатканын да эске салып, жагалданганга аракеттенди. Соттук иштен кийин биз Өмүркул уулун кепке тартып, микрофон сундук.

Ал: «Жөнөкөй кызматкерлерди күнөөлөп, ошону менен бул ишти жаап коюу «Энергехолдинг» жетекчисине эң оптималдуу вариант болуп турат. Ошондуктан булар ушундай жагдайда сүйлөп жатат. Менин туугандарым иштегендиктен ошону «үй-бүлөлүк клан» деп айтты. Менин атам да, апам да ошол ишканада иштеген, биз ЖЭБте иштеген династиянын бирибиз. Ал жерде 14 династия бар, ошонун бири бизбиз. ЖЭБтин 50 жылдыгына карата биздин үй-бүлө жөнүндө тасма тартып кетишкен. Менин эки байкем менден мурун кирип, мен инженер болгонго чейин иштеген. Мен жетекчи болгондо ордунан жылган жок. Мына ошону Қалиев айтып, саясий боек сүрткөнгө аракеткылып, «үй-бүлөлүк клан» деп жатталган фразаны жабыштырганы жатат. Мен да ага айтар сөзүм бар, Калиев «Энергохолдингдин» жетекчиси болуп турганда өзүнүн кайнатасын жана туугандарын чоң-чоң кызматтарга койгон. Жакында сотко адвокаттар Айтурганов менен Тынаевдин түшүнүк катын берди. Тынаев кайнатасы, Айтурганов ага-ини бир тууганы. Менде башка туугандарынын датизмеси бар» деди.

Эске сала кетсек, ЖЭБтеги кырсыкка байланыштуу былтыр «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кыдырбаевге, анын орун басарлары Бердибек Боркоев менен Алмаз Жусупбековго, Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулуна, башкы инженер Нургазы Курманбековго кылмыш иши козголгон.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: