Menu

Суракматовдун кулагы чыккан тендер чыры…

Бөлүшүү:

Бишкек мэри Азис Суракматовдун карачечекей кайын атасы Конститутциялык соттун судьясы, кадимки Курмантай Абдиев экенин көпчүлүк жакшы билбесе керек. Абдиев Теңизбай уруусунун аксакалы. Ажо дагы ушул уруудан. Суракматов коомчулук тарабынан катуу сынга кабылып, иштей албай жатканы айтылган менен бийликтен реакция болбой жатканынын төркүнү ушул жакта жатат. Мына жакында мэр “Электронное билетирование” деп аталган тендер өткөрдү. Бул деген, эл шаардагы коомдук транспорттордо электрондук билет сатып алып жүрүшөт дегенди түшүндүрөт. Ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге үч компания катышып, “Шанхай Шенту” компаниясы бардык талаптарды аткарып, бир билет үчүн 52 цент сунуштап утуп чыгат. Бирок мэрия ал компанияны четке сүрүп, 72 цент сунуштаган швейцариялык ВРС Banking Тесһnologeis компаниясын жеңүүчү кылып туруп, кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетте 72 цент деп көрсөтүлгөн бааны 49 цент деп оңдоп коюшкан. Коррупция жыттанат бекен?.. Президент болсо айтып койгула деп издеп жүрөт…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: