Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде, Германиянын Федералык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге жана Федералдык канцлери Ангела Меркелге Португалиянын Мадейра аралындагы жол кырсыгынын кесепетинен Германиянын көп сандагы жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Португалиянын Мадейра аралындагы жол кырсыгынын кесепетинен Германиянын көп сандагы жарандарынын каза болгондугу тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ