Бир эмес, эки кылмыш иши козголгон генерал Рыспек Мирзаматов Ооган согушуна катышпаса да, кызматта турган кезде өзүнө-өзү “катышкан” деген жалган күбөлүк жасатып алып, жалган ооганчы болуп 2010-жылдан бери мамлекеттен ай сайын 6 миң сомдон (ал жалпысынан 7 жылда 624 000 сом алган) пенсия алып келген. Бул былыгы билинип, кылмыш иши козголгонуна карабай, ал өзүн “чыныгы ардагер” экенин айтып, чырылдап келет. Бирок ага козголгон кылмыштын негизинде тиешелүү органдар тарабынан Мирзаматов кызмат кылган 51087 аскер бөлүгү 1985-жылы Ооганстандагы согушка катышпагандыгы такталганы айтылууда.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ