Menu

Алтынай Байбекова: “Испан тилинде эркин сүйлөп жадагалса түш да көрөм”

Бөлүшүү:

— Испанияга сүйүүнүн арты менен кетип калдым дедиңиз? Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз?

— Жолдошум испан, аты Луис, 40 жашта. Экөөбүздүн баш кошконубузга 20 жылга чукулдап калды. Аны менен алгач 2000-жылы Кыргызстандан испандык өкмөттүк эмес уюмдун волонтердук иштери аркылуу таанышып калдык. Мен котормочу болуп иштөөчүмүн. Ал болсо он жети адамдан турган волонтердук топтун ичинде экен, алар долбоордук иштер менен Токмоктогу жана Беловодскийдеги неврологиялык жатак-үйлөрдө иштегени келишиптир. Мен алар менен бирге эки ай чамасында иштедим, жумуш боюнча күндө жолугуп турчубуз. Бирок баарынан кызыгы, иштен кийин дагы ар кандай темалар боюнча маектешкенибиз болду, ошондо биздин көз карашыбыз, жашоого болгон түшүнүгүбүз бирдей экенин жана турмушка карай ой жүгүртүүбүз окшош экенин түшүндүк. Кийин волонтёрлор кетишти, мен университеттеги окуумду улантып, швейцариялык уюмга ишке орноштум. Ал убакта электрондук почтаны күндө текшерүү деген жок эле, ал тургай үйдө компьютер, интернет жок болчу. 3 айдан кийин почтамды ачсам, Луистен көп кат келиптир. Ал мени менен андан ары мамилесин улантуусун каалаганын жана мени унутпаганын жазыптыр. Ошентип мамилебиз уланды. Кийин мен Испанияга эки жолу келип кеттим, Луис мени ата-энеси, бир туугандары, Испания менен тааныштырды. Кийин ал дагы Кыргызстанга келип турду, ал тургай Бишкекте бир жыл бою жашады. Анын биздин тилди үйрөнгүсү, каада-салтыбызды билгиси келген каалоосу күч эле. Ал ар кайсы университеттерде испан тилинен сабак берип мугалим болуп иштеп жүрдү. Ошентип, 4 жылдан кийин ал менин колумду сурап, ага турмушка чыгуумду сунуштады. Мен макулдугумду бердим, ошентип 2004-жылы жайында Мадридге келдим, сентябрда үйлөндүк. Учурда бир кызыбыз бар.

— Кызыңыздын аты ким, кыргызча билеби?

— Кызыма кыргызча сүйлөйм, жолдошум испанча сүйлөйт. 2 тилди билсин деп ошентип чечкенбиз. Атын испанча Айтана деп койдук.

— Жергиликтүү калктын тилин жакшы билип калсаңыз керек?

— Мен кыргызча, орусча, испанча, англисче эркин сүйлөйм. Испан тилин мыкты өздөштүрдүм, так сүйлөйм жана сабаттуу жаза алам, кээде ушул тилде да ойлоном, ал эмес түш көрөм. Мында келгенде 3 ай базалык деңгээлде үйрөндүм, анан бир жылдын ичинде толук билип, үйрөнүп калдым, эч кандай көйгөйсүз эле испан уюмдарына ишке орношо алдым.

— Кыргыздар барбы?

— Испанияда кыргызстандыктар анча деле көп эмес, Испаниянын ИИМинин расмий маалыматы боюнча 100 адам катталган. Чындыгында андан көп, анткени мекендештерибиздин көпчүлүгү испан жарандыгын алышкан, ошондуктан алар жогорудагы маалыматтык тизмеде жок. Алардын баарын кошкондо деле, өлкө боюнча 200–250 адамдан ашпайбыз. Биз күйөөм экөөбүз 2005-жылы мекендештерибиздин башын бириктирүү, алар менен жолугушуп туруу жана Кыргызстанды Испанияга тааныштыруу максатында, «Сүмөлөк» аттуу испан-кыргыз ассоциациясын ачканбыз. Анткени бул жерде Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билишпейт. Ошентип, биз бул жерден көп адамдар менен тааныштык жана биздин кыргыз диаспорасын түздүк десек да болот. Ооба, биз анда-санда жолугушуп турабыз, майрамдарды чогуу тособуз. Мисалга алсак, «Нооруз» майрамын бирге белгилейбиз. Учурда биздин маданиятыбызды европалыктарга тааныштыралы деп онлайн дүкөн (lovethestans.com) ачып жатабыз.

— Фламенко бийин үйрөнө алдыңызбы?

— Испанияда популярдуу бийлер көп, мисалы севийяна, хота деген бийлер бар, бирок баарынан дагы дүйнөдө популярдуу болгон бий бул — ​фламенко. Мага ушул бий абдан жагат, көргөндө көңүлдү көтөрүп көөдөнүңдү эргитет, өзгөчө эркектер ушул бийди укмуштай көркөм бийлешет. Бир убактарда мен да бий курсуна барып жүргөм, фламенко бийин бир жылдай үйрөндүм. Кийин убакыттын тарынан таштоого туура келди, эми убактым болсо кайра улантсам деген оюм бар.

— Испаниянын көп жерин кыдырсаңыз керек?

— Канар аралдарынан башка, Испаниянын баардык жерлерин кыдырып чыктык десем болот. Испания кызыктуу жана көп жактуу өлкө. Түндүгү түштүктөн, батышы чыгыштан же өлкөнүн ички бөлүгүнөн абдан айырмаланып турат. Түндүгүндө Атлантика океаны тургандыктан, климаты суук келет, дайыма жаан жаап турат жана пейзажы Англияны же Ирландияны эске салат. Ал эмес элдери, алардын кулк-мүнөздөрү, тамактары жана ичимдиктери да Европанын түндүк элдерине окшош келет. Ал жак тоолуу жана токойлуу, үйлөрү, камини (очок) кара түстө болот. Түштүктө таптакыр башкача, ал жакта ысык, элдери жана маданияты жана тамактары түндүк-африка мамлекеттериникине окшош келет, мисалы, Марокко, Тунис. Үйлөрү ак түскө боёлгон жана балкондорунда кооз гүлдөр бар.

— Испандыктар коррида (букалар менен күрөш) оюнун кызыгуу менен ойношсо керек. Дегеним сиз да бул оюнга кызыгасызбы?

— Испанияда жана андан тышкаркы мамлекеттерде коррида абдан популярдуу оюн, бирок мен бир да жолу корридада болгон эмесмин. Себеби мен жаныбарларды күчкө салганга каршымын, жарым саат ичинде буканын кыйналганын көрүү мага абдан кыйын. Ал акырындап күчүн жана канын жоготуп, соңунда өлөт, букага абдан боорум ооруйт. Испанияда андан башка дагы букалар менен болгон оюндар бар, алар көбүн эсе жеңилирээк жана өлүмсүз өткөрүлөт. Мисалы, ат үстүндө коррида оюну абдан сонун оюн. Же болбосо, энсиерро, мында букаларды көчөгө чыгарышат, анан элдер жаныбарлардан качышат. Бул оюн Испаниянын батышында ойнолот, 7-июлдан тартып бир жума бою майрам болот. Букалар менен болгон дагы бир оюн бул рекортадорес, мында эр жүрөктүү жигиттер букалардын үстүнөн арта секиришет, абдан кызыктуу оюн.

— Испанияда футбол спорттун өтө популярдуу түрү болуп саналат эмеспи. Сиз кайсыл футбол командасынын күйөрманысыз?

— «Реал Мадрид», «Барселона», «Атлетико де Мадрид», «Валенсия» деген испан командалары дүйнөдөгү эң мыкты командалар. Мен мында келгенге чейин футболго анча деле кызыкчу эмесмин, кийин гана кызыгуум артты. Испанияда жашап жана бир команданын күйөрманы болбосоң, анда бул жакта жашоо мүмкүн эмес деп айтышкандыктан, мен бир команданы тандап, күйөрманы болушум керек болду. Ошентип, «Реал Мадридди» тандадым. Матчтарды кызыгуу менен үйдөн телевизордон көрөм, анткени мен күйөрмандык кылган клубга билеттер өтө кымбат жана тез эле талап кетишет.

Маектешкен Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: