Menu

Майраш Исакова: “Өз элиңден колдоо болбогондон кийин айла кеткенде дүйнөдө согушка катышкан өлкөлөргө кайрылып, кайыр сураганга мажбур болгону турам”

Бөлүшүү:

Айланайын, Президент балам!

Бул кайрылуум төртүнчү жолкусу. Буга чейин үч жолу кат менен кайрылдым. Бир да жооп болгон жок. Ак же көк деп койсоңор боло жок дегенде. Сөзүм жалган болбос үчүн Сиздин кабылдамага катталган каттарымдын номурларын жазайын. Биринчи жолку арызым, 2018-жылдын 29-майында ОП/1425 номуру менен катталган. Экинчиси, 2018-жылдын 17-декабрында ОП/3082 номуру менен катталган. Үчүнчүсү болсо 2019-жылдын 26-февралында ОП/452 номуру менен катталган. Бирөөнө да жооп жок. Кумга сиңгендей эле жок болду. Жок дегенде “Ээй, алжыган кемпир, кайра-кайра Президентке жаза бербей тынч отур. Биз Чыныбай Турсунбековго тие албайбыз. Ал кол тийгис адамдардын катарына кирет”, деп эле ачык жазып коюшпайбы деп кейип кетем кээде.

Чын эле колунда байлыгы, бийлиги бар адамдардын заманы келген турбайбы деп кала бермекмин.

Мына ушундай, урматтуу Президент балам. Балким менин жазган каттарым Сизге жетпей жатабы деп, эми кыргыз элинин тунгуч гезити “Кыргыз Туусу” аркылуу да кайрылып көрөйүн дедим. Бирок анын башкы редактору Э. Балбаков “Ч.Турсунбеков менен мамилемди бузбай эле коёюн, башка гезитке бериңиз” деп сыпайы гана баш тартты. “Эркин Тоосу” да сылык-сыпаа узатып койду. Чыныбайдын атын укканда эле өкмөттүк гезиттердин редакторлору өкчөсүнөн тура калгандан кийин, ал баарын эле колго алып койгонбу деген ойго кетериң бышык. Айла жок мамлекеттик гезиттер баспаса, жеке менчик гезиттер басабы деп “Жаңы Ордого” кайрылдым. Ушунусуна да Кудайга шүгүр.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепилдигин алган, калыстык үчүн жан үрөп эмгектенген инсан катары Сизге айтпаганда дагы кимге айтам арманымды. Ачуу айтсам кечирип кой айланайын, карыган адам катары. Башка аргам калган жок.

Гезит аркылуу жетип калабы деп таржымалымды толугураак жазып жатам. Колуңа тийип калса, көңүл коюп окуп койчу, сураныч.

Мен Исакова Майраш, 89 жаштагы төрүнөн көрү жакын кемпирмин. Абышкам Мамбетов Мукамбет Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кызыл Жылдыз ордени, “Варшаваны бошоткондугу үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Берлинди алгандыгы үчүн” деген жана дагы СССРдин көптөгөн медалдары бар. Эл агартуунун отличниги, 50 жыл билим берген мугалим, көп жолу облуска депутат болгон. Эмгектерин Өкмөт баалап, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылындагы орто мектепке “Мамбетов Мукамбет атындагы орто мектеп” деп аты коюлган ардагердин жесиримин.

Балам, карыганда талаада калып, көп жылдан бери көргөн кордукка чыдабай, айла кеткенде өзүңдөн акыйкат издеп кайрылууга мажбур болуп отурам.

1996-жылы 10-январда абышкам экөөбүз өмүр бою топтогон акчабызга шаардан үй сатып алдым. Үй эски болгондуктан келечекти ойлоп, жанына кошуп бөлмөлөрдү куруп баштагам. Мен бул үйдү 2003-жылы 29-июлда улуу кызым Мамбетова Керезканга белек кылып берип, үйдү толук бүтүрүп, мени багасың жана бир туугандарыңды бутуна тургузасың деп тапшырдым. Себеби балдарым атасынан жаш калып, өлүм басып, ишенгеним улуу кызым Керезкан болчу. Акыры кызым кредит алып, күйөө балам Кытайдан акча алып келип жатып, эптеп-септеп бүтүрдүк. Бирок толугу менен документтештирүүгө акчанын азабынан жетише элек болчубуз.

2009-жылы 18-сентябрда Бишкек ун комбинатынан Чыныбай Турсунбековдон аталган үйдү күрөөгө коюп, насыяга ун алып, аны сатып, кичине акча таап, курулушту аягына чейин бүтүрөлү деп ойлогонбуз.

Айланайын, Президент балам, ошол күндөн тартып биз тозокко кабылдык. Алган ундарды Бишкектен сата албай, айла кеткенде Ошко жөнөттүк. Бирок, ал жерде да сатылбай калып, 7-апрелдеги элдик революцияда, андан кийин Ош окуясында уурдалып, тонолуп кетти. Кызым ары-бери чуркап, ундун акчасын таппай калды. Ошондон бери башыма мүшкүл түшүп, Чыныбайдын балдары келип, бирде эшикти талкалап кетишет же коркутуп кетишет. Аргасыз уруш-талаш, коркуу менен жашап калдык.

“Акунга” барып, бөлүп-бөлүп же кредит менен, же келишимде жазылгандай буудай же башка товар менен төлөп берели десек, акчанын үстүнө акча кошуп, укпай да, кабыл албай да койду.

Мен унду насыяга 13 миллион 270 миң сомго алсам, менин үйүм 65 миллион сом турат. Колунда байлыгы да, бийлиги да бар Чыныбай эч бир сунушка макул болбой. менин үйүмө гана көз артып туруп алды.

Мыйзам боюнча карыздын үстүнө кошулчу үстөктөрү негизги карыздын суммасынан ашпаш керек экен. Ошондой болгон күндө да жалпысы 26 миллион 540 миң сом болмок.

Мейли, карызды төлөй албагандан кийин үйдү алсын. Бирок 13 миллион 270 миң сом үчүн 65 миллион сомдук үйдү тартып алганы кайсы Кудайга жагат. Жок дегенде ортодогу айырмасын бербейби.

2016-жылы 7-октябрда мен абышкам Мамбетов Мукамбет атындагы орто мектептин 50 жылдык салтанатына кетсем, кызым ооруканада жатса, сотко сырттан чечим чыгартып, бизди үйдөн кууп чыгарып салыптыр. Чыныбайдын ун комбинатынан келген жумушчулар оокаттарымды короого ыргытышып, уурдалып, сынып жок болду. Ошондон бери самсаалап көчөдө калдым. Азыр Таш- Дөбө айылындагы дачада баш калкалап отурам.

Мен 89дагы кемпирмин, бир күн соо, бир күн оорумун. Балдарымдын бактысына жашай турайын деген тилегим бар.

Айланайын Президент балам, мындай окуя 1916-жылкы Үркүндө да болгон эмес. Өзүңдүн сөзүңдү телевизордон угуп-көрүп турам. Жанагы революциядагы уурдагычтар, жулгучтар бул тынччылык заманда Чыныбайдан да ашып кетпесе керек. Кудайдан коркпогон неме өзүўдүн сөзүўдү угаар бекен деп да ойлойм.

Эми сенден башка ишене турган адам жок, өзүўдөн гана жардам сурайм, кайсы сотко же башка органдарга кайрылсак да бардыгы башын чайкап, биз ал кишиден коркобуз дешет. Ошентип бир да маселе мыйзамдуу чечилбей келатат.

1. Соттук камакта турган үйүмдү сырттан чечим чыгарып, өз кишисине тариздештирип койду.

2. Азыр ЖК төрагалыгынан кеткенден кийин, эми соттор акыйкат чечим чыгарат десек, Октябрь райондук сотунун судьясы Абакиров “Акундун” өкүлдөрү келбесе деле чечим чыгарып, олчойгон пошлинасын илип койду.

Өз элиңден колдоо болбогондон кийин айла кеткенде дүйнөдө согушка катышкан өлкөлөргө кайрылып, кайыр сураганга мажбур болгону турам. Ушундай жол менен гана Чыныбайга болгон карыздын үстөктөрүн, туумдарын кошуп төлөп берип, үйүмдү ажыратканга аракет кылат окшойм.

Ал турсун мен да кээ бир жарандарды туурап Россиянын Президенти В.В.Путинге кайрылып:

“Урматтуу В.В.Путин мырза, карыганда талаада калып, көп жылдан бери көргөн кордукка чыдабай, өзүбүздүн Президенттен алгылыктуу жооп ала албагандан кийин, эмне болсо да маркум абышкам бир эле кыргыз эли үчүн эмес, бүткүл Совет эли үчүн кан төгүп согушка катышпады беле, Советтер Союзунун бүтүндүгү үчүн жан аябай согушуп, орден, медалдарга татыктуу болбоду беле деп, айла кеткенде өзүңдөн акыйкат жардам издеп кайрылууга мажбур болуп отурам” деген таризде кат жазсамбы деп да ойлоп кетем .

Катуу айтсам кечирип кой балам. Алжыган кемпирдин арга кеткендеги арманы да. Алдын-ала ыраазычылык билдирем. Ден соолукта бол, өркөнүң өссүн, элиңдин урмат-сыйын көр, айланайын.

 

Урматым менен, Майраш Исакова.

Менин убактылуу баш калкалап турган жайым:

Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, “Союз-1” дачасы, тел.: 0708 000-882.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: