Улуттук статистика комитети Кыргызстандын импорту-экспорту, анын ичинде алтындын сатылышы боюнча көрсөткүчтөрдү толук тактап бүттү.
Комитеттин Тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова жалпы экспорттогу алтындын үлүшү былтыр кандай болгонун “Азаттыкка” айтып берди. Ал өз сөзүндө: “2018-жылы Кыргызстандын жалпы экспортунун 37,6%ын алтын түздү. Алтын буга чейин Швейцарияга жана Бириккен Араб Эмираттарына көбүрөөк сатылчу. Бирок былтыр негизинен Улуу Британияга сатылды. Андан сырткары азыраак бөлүгү Түркияга, Италияга жана Кытайга экспорттолду” – деп билдирди. Былтыр Кыргызстан чет жакка жалпы 16 тонна 477 килограмм 782,1 грамм тазаланган алтын саткан.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ