Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Франция ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана мындан ары карай өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасында Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрттүн кесепеттери тууралуу маалыматты өкүнүү менен кабыл алышты жана француз элине терең кайгыруу менен көңүл айты.

Премьер-министр саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүүсүн баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн гидроэнергетика жана туристтик тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен аталган тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруудагы өз-ара аракеттешүүнү активдештирүү зарылдыгына токтолуп, экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан өз кезегинде маалымдагандай, Кыргыз Республикасына келген француз делегациясынын курамында инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн бизнес өкүлдөрү да бар.

Ал белгилегендей, Франция Республикасы туризмди өнүктүрүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, инновация жана санариптештирүүнү киргизүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр.  Жан-Батист Лемуан кошумчалагандай, француз тарап Кыргызстан бийлигинин парламентаризди өнүктүрүү жана демократияны чыңдоо бооюнча аракетин колдоого алат.

Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Франция Республикасына карай сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: