Menu

Элмурза Сатыбалдиев, коомдук ишмер: “Атамбаевдин катасы соттук реформа кылам деп сот системасын талкалап салганында болду”

Бөлүшүү:

2010-жылдагы кандуу апрель окуясынан кийин кимдерди гана күнөөлүү кылбадык. Бирок алардын айрымдары жазасын алган болсо, башкалары бөтөн өлкөдө качып жүрөт. Ошол жазаланып, абакта жатып чыккандардын бири Элмурза Сатыбалдиев бүгүнкү саясаттан баштап, өзү иштеген бийликтин өйдө-төмөнүн, маркумдардын алдындагы милдеттери тууралуу ачуу суроолорго жооп берди.

—Элмурза Ракиевич, өткөндө кайсы бир маалымат каражатынан сиздин кайрадан саясатка кайтып келүү максатыңыз тууралуу маегиңизди окуп калдым. Демек, сизди 2020-жылдагы парламенттик шайлоого аттанат деп түшүнсөк болобу?

—Мен саясаттан эч кайда кеткен эмесмин. Бирок, 2010-жылдагы 7-апрель окуяларынан кийин келген бийлик мени камамыш этип, жетиштүү далилдери болбосо деле «сен күнөөлүсүң» деп эркимден ажыратымыш болушту. Ошол кандуу төңкөрүштөн кийин, «5 жыл саясатка аралашпайм. Мен солдат катары кызмат кылган бийлик кандуу төңкөрүш менен кеткенден кийин менин кызматка барам дегеним моралдык жактан туура эмес. Андан көрө ушул жылдар ичинде менин күнөөм бар же жок экендигин мыйзам алкагында аныктатып, атымды мыйзамдын алдында актатып же каралап баарын жыйыштырайын» деп өзүмө сөз бергем. Анан ал 5 жыл убакыт жетпей, аны 10 жылга узарткам. Буюрса 2020-жылы он жыл болот. Эгерде мыйзам жол берсе эмнеге саясатка барбашым керек?.. Буюрса, 2020-жылы буюрса шайлоого аттансамбы деген ой бар.

—Азыртан эле партия лидерлери сизге окшогон аброю бар, капчыгы калыңдарды алдыңкы тизмеге коюуну убадалап, шайлоого даярданып жатышканы маалым. Кайсыл партиялар сиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат?

—Ушул убакытка чейин эч бир партияга мүчө эмесмин. Бирок, биз парламенттик мамлекетпиз. Жогорку Кеңешке баруу үчүн сөзсүз кайсы бир партияга мүчө болуу зарыл. Партия лидеринин жүрүм-туруму, элдин алдындагы аброю жогору болсо, алар менен сүйлөшүп анан макулдугумду берем. Кээ бир партияга кирип жаткан адамдар: «Партиянын программасын окуюн» деп «артист» боло беришет. Бул жалган. Азыр эл партиянын программасын окубайт, лидерине карайт.

—Азыркы партия лидерлеринен кимди баалайсыз?

—Эч бир лидерди баалайм же баалабайм дебейм. Мен бирөөсүн мактасам бирөө таарынат дегендей. Ошол эле учурда мен баалаган лидердин айланасында өзүм жактырбаган адамдар болуп калышы мүмкүн.

—Кечээ маектешели десем: «Бүгүн убактым тар, Мурат Суталиновдун сотуна барам» дедиңиз. Канча убакыттан бери сотко барып жатасыз?

Мурат Суталиновдун иши боюнча соттук отурумдарга катышып келе жатам. Ал күнөөлүүбү же күнөөсүзбү бул башка маселе. А негизги маселе Суталиновдун ооруп жатканында. Тиешелүү документтер тиркелип, анын кандай болуп ооруп жатканы көрүнүп турса дагы калыс чечим чыкпай жатканы өкүндүрүүдө. Мыйзам төп келип турса дагы сот жигит: «бул менин милдетим эмес» деп бошотпой койду. Мурат Суталиновдун жактоочулары экинчи инстанцияда кайра өтүнүч келтирип, арыз жазышкан. Учурда иш каралып жатат. Кечээ болбогон себеп менен сотту жылдырып коюшту. Юридикалык негиздери бар, бирок турмуштагы негизсиз себептер менен 7-май күнү сот өтмөк болду. Мурат Суталиновду мындай негизде кармап олтуруу мыкаачылык, соттор тарабынан мамлекетке болгон чыккынчылык деп эсептейм. Юридикалык тил менен айтканда адамдын ооруп жатканын билип туруп абакта кармоо бул – кылмыш. Азырынча экинчи инстанциядагы соттор жөнүндө бир нерсе деп айтуу эрте. Алар жогору жактан буйрук кутүп жаткандай сезилүүдө. Соттордун өз алдынчалуулугу 2010-жылы жоголгон. Биз демократиялуу, укуктарды сыйлаган мамлекетте жашайбыз десек Суталиновду абактан үй камагына токтоосуз чыгаруу керек.

—Сиз генерал менен кошо иштеп, бирге кызмат кылгансыз. Бизге караганда ал учурда кандай окуялар болгондугун жакшы билесиз. Жеке пикириңизде Мурат Суталиновдун апрель окуясын да канчалык деңгээлде күнөөсү бар?

—Менин пикиримде Мурат Суталиновдун эч кандай күнөөсү жок. Дегеним, ал кыргыздын аскер кызматкери, түшүнүктүү тил менен айтканда солдаты. Аскер кызматкерлери жумушуна киришип жатканда ант берет жана иш тартиби менен иш алып барат. Ошондой эле так жана туура жазылган өздөрүнүн уставы бар. Ал солдат катары ошол милдеттерин так аткарды. Суталиновдун ордунда ким болсо дагы берген антын аткарыш керек болчу…

—Бирок аны менен абакта жаткан бир активист: «Суталинов абактан чыгуу үчүн ушундай амалга барууда. Ал куландан соо» – деп айтып чыкпадыбы…

—Аны мен да окудум. Ал жигит генерал бир учурда спорт залга кирип ден соолугун чыңдап жүргөнүн көргөн экен, андан бери бир топ убакыт өтсө дагы азыр да ар нерсени айтып жүрөт. Соттук териштирүудө прокурорлордун сөзүнөн көп нерсени түшүндүм. 2012-жылы рак оорусу менен ооруйт деп дарыланган экен. 2015-жылы бир аз жакшы жылыштар болуп, тилекке каршы 2017-жылдан баштап кайра оорусу күчөп кеткен. Бул боюнча медицина кызматкерлеринин так аныктамасын коюп берген кагаздары турат. Бир активисттин сөзүнөн илинчек издеп ар нерсени айтуу туура эмес. Өзүнүн сот залындагы кебетесин көрүп, сыртта турган адамдар деле ооруп жатканын сезип жатышса керек. Кечээ дагы доктурлардын сыртка чыкканга болбойт деген чечими менен сотко өзү басып келе алган жок. Бул деген анын абалынын начар экендигинен кабар берет.

—Соттор жогору жактын чечимдерин күтүп жаткандай дейсиз. Ошондо ким буйрук бербей жатат? Мисалы, президенттин сот иштерине аралашканга акысы жок да?

—Жок, бул жерде түздөн-түз президенттин атын атагандан алысмын. Керек болсо Суталиновдун абалынан өлкө башчысынын кабары жок болушу да мүмкүн. Президенттин ансыз да жумушу көп, карай турган көзөмөлгө алчу иштери толтура дегендей…

Анткен менен Суталинов бул генералдык чинге жеткен адам, саясатта белгилүү фигура. Соттор 2010-жылдан бери бирөөнүн буйругун аткарып көнүп калышкан. Азыр да ошол таасирден чыга албай жатышат окшойт деп ойлойм. Көз карандысыз сот системасы түзүлмөйүнчө мамлекет эч качан оңолбойт. Адамдын укугун коргош үчүн акыркы кайрылаар жери бул сот. Бирок соттордун ушул абалы жакшылыкка алып барбайт. Негизги жооп берчү адам сотко келбей калды деп эки же беш күнгө жылдырса болот. Суталиновдун сот отурумдарынын аралыгын өтө узартып коюп атышат. Бул ооруган адамга жасаган кыянаттык деп эсептейм. Балким булар жогору жактан буйрук кутүп жатканбы деген ойду ошол үчүн айтып жатам.

—Сизден кийин башкы прокурор болуп иштегендердин кимиси мыкты болуп, мыйзамсыздык менен күрөшүүдө өзүнүн алгылыктуу иштерин жасай алды деп ойлойсуз?

—Сыртта турган адамдар башкы прокурорлордун жумушун абдан оңой көрүп, иш бөлмөдө буйрук берип эле олтурат деп ойлойт. Деги эле прокуратураны өзүнчө бөлүп карап, өзүнчө баа берүү таптакыр туура эмес. Ар кандай мыйзамдардын негизинде прокуратуранын укуктарын чаап олтуруп, азыр көзөмөлүн гана калтырып койду. Эми эл катары мага деле прокуратуранын жакшы иштей албай жатканы көрүнүп турат. Мындан ары жакшы иштеп кетишсе экен деген ниетим бар.

—Экс-президент Алмазбек Атамбаев азыр мурдагы душмандары менен элдешип, соодалашууга барууда. Сизге да чогуу бололу деген пикирлерин билдире элекпи?

—Андай сунуш мага болушу мүмкүн эмес. Анын доору бүттү го…

—2010-жылдын 7-апрелинен кийин Апрель окуялары боюнча соттук отурумдар бир топ убакытка чейин созулбадыбы. Жыйынтыгында Апрель окуясы боюнча сиздерди күнөөлүү деп сот чечим чыгарганда сизди өзүн жоготуп койгон дешет, чынбы?

—Менин башыма балта кармап турса дагы өзүмдү жоготпогон адаммын. Биздин эркибизден ажыраткан сот процессинде биз менен кошо күнөөлүү деп айыпталып жаткан балдардын баары кутулуп, бешөөбүз соттолбодукпу. Тактап айтканда мен, Данияр Дунганов, Нурлан Темирбаев, Нурлан Турсункулов, Мурат Суталинов, Каныбек Жороевдер. Эсиңиздерде болсо керек, ошол соттук отурум болуп жатканда: «Эмнеге бул балдарды соттойсунар. Ошончо эле керек болсо, Бакиевдин эң жакын адамы мени соттогула, мен соттолууга даярмын» деп айткам. Балдарды бошотуп, бизди соттогон чечим чыкканда: «Менин максатым орундалды» деп кубанган бойдон түрмөгө кирип кеткем. Ал сөзүм үчүн азыркыга чейин өкүнбөйм.

—«Канкор Бакиевдин кадры» деген сөзгө арданбайсызбы?

—Ал сөз мага катуу тийбейт. Баланча түкүнчөнүн кадры деп айтаарда адам ойлонуш керек. Ооба, Бакиевдер менен иштегем, аны эч качан танбайм. Ал убакта мага чоң ишеним берилип, башкы прокурор, мамлекеттик кеңешчи, аз болсо дагы улуттук коопсуздук кызматка жетекчи болдум. Бакиевчилер дегендерге кайрыла турган сөзүм бар. «Бакиевчилер»деп айтып бүтө албай жүргөн адамдар өзү кимдин кадры экенин, ошол Бакиевдин учурунда кандай кызматта турганын унутпаса жакшы болмок. Алмазбек Атамбаев бир нерсе болсо эле «Бакиевчилер» дей берип жаман нерсенин баарын бизге жармаштырып кетти. Өзү кимдин убагында министр, премьер-министр болгонун унутууга акысы жок эле.

—Сиз менен кошо абакта кесилгендерден кабар аласызбы?

—Сөзсүз, барам, байланышам. Алар абактан бошоп кетмейинче жаза өтөгөн жайга мыйзам белгилеген убакта кирип чыкканга акым бар. Мага эч ким тыюу сала албайт.

—Бакиевдер менен азыр да сүйлөшүп турасызбы, дагы деле мамилеңиз барбы?

—Бакиевдердин эң кичүүсү Марат менен досмун, чогуу өсүп, чогуу чоңойгонбуз. Сүйлөшүп турабыз. Кайсыл бир киши менен мамилеңдин бар экенин жашыруу адамгерчилик болуп эсептелбейт. Мен ачык айтып, ак сүйлөгөн жигиттик улуу сапатты туу тутам…

—Өзүңүз иштеген Бакиевдердин жана Атамбаевдин бийлигинин эң чоң катасын атап бере аласызбы?

—Бакиевдер кандай ката кетирсе аны коом өзү талдап алат. Алардын баары жаман иштеди, өзүм мыкты иштеген элем деп өзүмдү актабайм. Ал эми Атамбаевдин кадрлары учурда ТЭЦ, Тарых Музей, дагы башка каржылык маселелер боюнча күнөөлүү деп айыпталып, камакта жатышат. Менимче Атамбаевдин эң чоң катасы сот системасын талкалап салганында болду. Соттук реформа жасап жатабыз деп кадрларды туш келди алмаштырууга өтүштү. «Булар Акаев менен Бакиевдин убагында иштеген» деп кесипкөй судьялардын баарын кетирип ордуна жаштарды алып келишти. Иш билбеген судьялар системаны талкалап салганы жашыруун эмес. Азыркы иштеген соттордун өздүгүнө шек келтиргим келбейт. Ар дайым жаштар мыкты кызматтарга иштеш керек, бирок тажрыйбалуу болсо гана! Сотко турмуштук, кесипкөйлүк тажрыйбасы бар, бир аз жашы улуу адам келсе чечим чыгараарда жети өлчөп бир кесет. Алардын каны кызуу эмес, жаштыгы жок, ойлонуп анан жыйынтыкка келет.

—2020-жылы парламентке депутат болуп барып калсаңыз сизге кайрадан башкы прокуратуралык кызматты сунушташса барат белеңиз?

—Жок. Мен иштей турган кызматтар балким башка жакта бардыр. Мыйзам жол берип, эл шайлап депутат болсом, парламентте олтурганым пайдалуурак болоор деп ойлойм.

—2010-жылдагы кандуу окуяда толкуган эл бир кезде сиз жетектеген башкы прокуратураны өрттөп салышканы эсибизде. Ал имарат азыркыга чейин чүмбөттөлүп, жабык турат. Ал имаратты көрүү сизге оор болсо керек?

—Чынын айтайынбы, ошол имаратты көргөн сайын аябай жүрөгүм ооруйт. Ошондуктан Орозбеков Киев көчөсүнүн кесилишинен капысынан бирөө менен сүйлөшүп эле өтүп кетпесем дайыма айдоочума башка көчө менен бурулуп, ал жерден эмес башка жерден өтөлү дейм. Күйүп кеткен имарат бир топко ачык турбадыбы. Ошондо сыртын чоң кездеме менен ороп коюш үчүн өзүм деле акчасын берейин дегем. Кудай жалгап, кийинчерээк мэрия сыртын жаптырганда сүйүндүм. Андан бери тагдыры бир жагына чечилбей турат. Ал имараттын жери өтө баалуу, табылбай турган орун. Бул имарат кайрадан калыбына келип, мамлекетке кызмат кылган имарат болсо деп тилеймл.

— Башкы прокурор бодуп турганыңызда кайсы бир чечимдериңиз үчүн өкүнгөн учурунуз болдубу? Дегеним, кызматта турган адам кызматтан кеткенден кийин баскан жолуна бир кылчайып талдоо кылат эмеспи…

—Өкүнбөйм. Мен кыянаттык менен эмес, мыйзам алкагында гана чечимдерди чыгарчумун. Азыркы турмушума ыраазымын. 2010-жылдагы окуяга түздөн-түз тиешем жок болсо дагы моралдык жактан күнөөмдү сезип мамлекеттин, элдин алдында жүзүм жарык болсун деп жазамды өтөп чыктым. Баарын мезгил таразалап, убакыт өз ордуларына коет деп ишенем. Азыр Кудайга шүгүр, эл алдында жузүм жарык, балдарым аман-эсен. Жана айтып өткөндөй соттогу сабатсыздык, баш аламандыкты өзүм соттолгондо сездим. Ушунчалык кемсинтүүгө, басмырлоого, ызы-чууга «Бакиевчилер» деп айтпаган сөздү айткандар болду. Биз аскер адамыбыз, кандай сөз айтса дагы кайраттуулук менен татыктуу туруп бердик. Өзүбүздүн жогорку аскер маданиятыбыз менен баарын жеңип чыктык десем жаңылышпайм. Эгерде биз Бакиев учурунда кызматыбыздан пайдаланып, мамлекеттен акча жесек, бир ийне уурдаган болсок дагы 7 жылда чукуп таап чыгышмак. Апрель окуясы гана айтылганы болбосо башка каржылык тармактанбы, башкаданбы эч кандай бизге айып коё алышпайт. Азыр элдин арасында мен эмне үчүн ээн-эркин басып жүрөм? Себеби, мага бирөө басып келип: «Элмурза мени туура соттогонсуң» деп айта албайт. Кайсы бир жасаган ишине жоопкерчиликти моюнуна албай айрымдар башкаларга түртө салганды үйрөнүп алышты. Укуктук мамлекетте жашайсыңбы? Мыйзамдарга баш ийүү зарыл. Укук менен милдет дайыма эгиз козудай болбосо адамдын өзүнө кыйын. Эгерде мен 2010-жылга чейин укук менен жашасам, 2010-жылдан кийин да мыйзамды туу тутуп жашап келе жатам. Дагы бир жолу кайталайын, 7-апрель үчүн моралдык жоопкерчилигимди сезип, жазамды да өтөп чыктым.

—Учурда волейбол федерациясынын президенти катары кайра шайландыңыз. Сиз келгенден берки жетишкендикти айтып бериңизчи?

—Мен командага президент болуп келгенден бери биздин команда эбегейсиз, башка спорт тармагы багындырбаган чон жетишкендиктерге жетишти. Аны спортко кайдыгер эмес инсандардын баары билет. Муну мамлекеттик деңгээлде байкалбай жатканынын себеби бар. Ал Элмурза волейбол федерациясына президент болуп олтурганы эле. Эгерде Эшматов же Ташматов президент болгонунда өлкө жетекчилери же өкмөт башчылары жагынан чоң көңүл буруулар болмок. Азияда борбордук зона деген 16 мамлекеттин волейболчулары катталган уюм бар. Ошол уюмдун чемпиону болдук. Мындай кыргыз волейболунун тарыхында болгон эмес. Байлар ресторан, баланча кабат үй курдум деп мактанса мен кыргыз волейболун көтөрдүм деп мактана алам. Муну укса айрым сабатсыздар «Элмурзага чейин волейбол жок беле» деп чыгышы мүмкүн. Мага чейин волейбол кагаз жүзүндө гана бар болчу. Муну эч ким тана албайт.

Маекктешкен: Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: