Menu

Нотр-Дамга миллионерлер 300 млн евро бөлүштү

Бөлүшүү:

Дүйнө лидерлери Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө болгон катуу өрткө байланыштуу француздарга көңүл айтып, алар менен чогуу кайгырып жаткан учуру. 15-апрелдин кечинде башталган өрттөн 850-жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры урап түштү. Бирок байыркы имараттын негизги конструкциялары жана ичиндеги баалуу реликвиялар сакталып калганы кабарланды. Франциянын президенти Эммануэл Макрон окуя болгон жерге 16-апрелге караган түнү барды. Ал чиркөөнү калыбына келтирүүгө убада берди. Алгачкы күтүүсүз жардам француз миллиардери Франсуа-Анри Пино тарабынан болду. Ал оңдоп-түзөөгө 100 млн евро котороорун жарыялады. Эскерте кетсек, ал Голливуд актрисасы Сальма Хайектин жолдошу. Ал эми модель жана актриса Наталья Водянованын кайнатасы Бернар Арно соборду кайра калыбына келтирүү үчүн 200 млн евро бөлүү чечимин кабыл алганын айтты. Бернар Арно дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктайт. Ал «Louis Vuitton Moet Hennesy» компаниясынын жетекчиси, байлыгынын өлчөмү81 млрд еврону түзөөрүн эске алганда бөлгөнгө каражаты жетиштүү. Мындан тышкары «Guссі» жана «Үves Saint Laurent» мода үйлөрүнүн жетекчилери оңдоп түзөө иштеринен четте калбастыктарын кошумчалашкан.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: