Menu

Туратбек Тынаев, Апрель окуясынын катышуучусу: “Эркиндиктин, көз карандысыз мамлекетибиздин баркын билсек”

Бөлүшүү:

– Турат ага, кандай максат менен редакцияга баш багып калдыңыз?..

– Көптөн бери көкүрөгүмдө жүргөндү айтайын деп келдим. Мына 2010-жылдагы 7-апрель окуясына 9 жыл толду. Мен 7-апрелде окуяга баштан-аяк катышкам. Нарын шаарынан болом. Алматы көчөсүндөгү “Форум” ишканасынан милиция менен элдин кагылышуусу башталган окуядан тартып, Ак үй алынганга чейин жүрдүм. Өзүм ал кезде “Дордой” ассоциациясында иштечүмүн. Касенов Шаршен Рахимович агабыз баш көз болуп, ошол кандуу окуяда башалмандык өкүм сүрүп турган учурда Ак үйдүн ичиндеги, өзгөчө президенттин кабинетин, 7-кабаттагы бөлмөлөрдү талкалатпай сактадык. Баягы каны кызып, ачуулары келип калган элге “бийлик кетет, кийинки келген бийлик иштеши керек болот, бул элдин мүлкү” дегенди айтып, көп нерсени уурдатпай, талкалатпай алып калдык. Азыр көп адамдар, апрель окуясын жамынып эле догун артып жүрүшөт. Мына ушуларды көрүп отуруп, ушул нерсени токтотпойлубу дегенди айткым келет. Анткени ошол 7-апрель күнү 10 миңдеген адам жүрдү. Баары эле күйүп-бышып, адилетсиздикке каршы күрөштү. Албетте, жан кейиткени айрымдары кайтыш болду. Кээ бирөөлөр ден соолугунан айрылышты. Анан ушул окуядан сабак алып, ар бир нерсеге сабырдуулук, акыл-эстүүлүк менен мамиле кылбасак болбойт.

– Ошондо сиз эмне ойду айткыңыз келип жатат?

– Бийлик элди, мамлекетти ойлоп, өткөндөн сабак алып иштесе деген тилек. Убагында Атамбаевге деле ишенген элек. Бирок ал кишиде да өйдө-төмөн кемчиликтер кетти. Шоопур Икрам Илмияновго эмнеге “Манас” орденин берет. Андан көрө жанагы өлгөн балдарга бербейби. Ошолордун артында калган үй-бүлөсүнө жакшы шарт түзүп беришпейби. Азыр ар кандай коом түзүп алып эле ызылдагандар. Он миңдеген адамдар унчукпай эле жүрүшөт. Бийлик ак менен каранын чегин так ажыратып, калыстык менен бийлик жүргүзсө. Бизге берилген эркиндикти, көз карандысыз мамлекетибиздин баркын билсек.

– Азыркы бийликке карата көз карашыңыз кандай?

– Албетте, азыркы кезде жакшы пикирдемин. Коррупцияга каршы күрөш жакшы башталды. Эки премьер-министр түрмөдө отурат. Эми ушул ишти аягына чыгарып, күнөөсү барын жазалап, кустуруп, күнөөсү жогун актап, ишти калыстык менен алып барыш керек. Өкүмзордукту эл көтөрбөйт. Анан экономикага өзгөчө көңүл буруу зарыл. Азыр саясат менен эмес, экономиканы көтөрүүнү ойлоо парз. Антпесе элдин ишениминен чыгуу кыйын деле эмес. Апрель революциясы максатына жете элек. Ушул нерсени бийлик көңүлгө алып иш кылса…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: