Menu

Бабановдон “оомат” кетти…

Бөлүшүү:

Кыз кылыктанып эр тандап тийгенден, эрге тиер процесси кызык болот деп гезитибиздин өткөн санында жаздык эле. Дал ошондой болду. Кечээ эле үтүктөн бери сүйлөтүп, Иисус Христос асмандан жерге түшчүдөй өзүн жарнамалатып жаткан Өмүрбек Бабанов белгисиз себептерден улам келбей калды. Так аэропорпо туруп “келбейм” деди. Келмек эмес.
Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеттим деп ушуну менен экинчи жолу айтышы. Эл жүгүн көтөрөм деген саясатчынын, республи-калык масштабдагы партиянын ээсимин деген адамдын ойсо-келениши ага саясатчы катары аброй алып келбейт. Белгилей кетсек, 2008-жылы Бакиевдик бийлик тарабынан кысымга туш болгондо да “саясаттан кеттим” деп түйүнчөгүн түйүнүп кеткен. Бийлик алмашканы кайра сая-сатта эле эмес бийлиқтин жо-горку эшелонунда пайда болду. Демек, Бабановду ишенимдүү саясатчы, саясий өнөктөш ката-ры да кароо азыр маанилүү эмес. Айталы, саясий өнөктөштөрү азыр кайсы жээкте, өзү кайда бул да фактыны талап кылган суроо.
Азыр саясий серепчилер Баба-новдун өлкөгө келбей калышын ар өңүттөн талкуулап жатышат. Айрымдар туура кадам ката-ры баалашса, кээ бирлер “кор-кок, позициясы жок, жеке керт башынын кызыкчылыгын гана ойлогон шумпай” катары сыпат-ташууда.

Ырас, Бабанов маселесин-де бийлик убактылуу тайм аут алып, жеңишке жетишип оту-рат. Ал эми Бабановдун “келем” деп жатып келбей коюшунан өзү саясатчы катары утулганын бил-дирет. Адамдык фактордон алып караганда балким анын азыркы кадамы туурадыр, бирок саясат-чы катары ишенимден кетти. Эч кандай фактыны бетке карма-бай туруп, абстрактуу үчүнчү күч
шылтоосу менен күткөн элдин демине суу себиши анын мындан аркы тагдырын бүдөмүккө сал-ды. Албетте, Бабанов бир учурда келет. Келгенге акылуу. Өз меке-ни, өз жери. Миллиондогон миг-ранттардын бири болуп гана өз өлкөсүнө кайтат. Болгону ошол…

Ал эми бийлик анын «Кыр-гызстан банкына» жана НТС ка-налына Бабанов келет деп жат-канда козгогон кылмыш иштери токтоп калды. Демек, мунун өзү Бабановду келтирбөө амалы-нын бири болгон десек жарашат. Ошондой эле крим чөйрөнүн лөктөрү аркылуу коркутуулар болгону дагы айтылууда…

^ Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: