Menu

Ким Кардашья дипломсуз профессионал юрист болот

Бөлүшүү:

Чет элдик ММКларга берген маегинде Ким Кардашьян Кimonо деген аталыштагы бренддин үстүндө
иштеп жатканын билдирет. Ал бренд менен катар келбетти сымбаттуу көрсөтүүчү ич кийим да чыгарып жатат.
Мындан тышкары Ким юрист болуу планында бар экендиги менен бөлүшкөн. Бирок окуп, жогорку билим алуу анын алдыдагы планында жок. Анын ордуна Ким мыкты юристтерден иш жүзүндө жекече тажрыйба топтоодо. Американын төрт штатынын мыйзамдары боюнча жогорку билими тууралуу диплому жок эле юристтин лицензиясын алууга мүмкүн, эгер кандидат өз кезегинде профессионал юристтер менен иштешкен болсо. Өз окуусу тууралуу: «Окуунун биринчи жылында студенттер 3 сабакты өздөштүрүшөт: кылмыш укугу, мыйзамсыз иштер жана контракт. Адам укугу баш оорутат, контракттар – зеригичтүү, ал эми кылмыш укугун мен көзүмдү жумуп эле жаттап алам. Биринчи тестти тапшырып 100 балл алдым. Бул мен үчүн өтө жөнөкөй болду. Окуу көп убакытты талап кылат. Ал эми мен иштин маңызын дароо түшүнөм», -дейт Ким Кардашьян.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: