Menu

Депутаттар Зарылбек Рысалиев менен Камчыбек Жолдошбаев айтып жаткан 3 млрд 800 млн доллардын изи табылабы?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  2019-жылдын 9-апрелиндеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишинин отчетун угуп жатканда депутаттар, аталган комитеттин мүчөлөрү Зарылбек Рысалиев жана Камчыбек Жолдошбаев тарабынан 2010-жылы банктардын биринен 3 миллиард 870 миллион долларлык векселдер кармалып алынгандыгы жана алардын бүгүн кайда экендиги боюнча суроолор көтөрүлгөн.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев: “ушуну бир тактаса биз Кытайдын карызынан кутулуп калат экенбиз да… Финполиция айтып  жатат бизге келген жок дейт, а мурунку Ички иштер министри айтып жатат мен өзүм кармап туруп бергем дейт. Бул эми чоң палатада айтылып, элдин астында айтылса абдан уят иштер болуп кетет” – деп агынан жарылган.

Бул маселени 2019-жылдын 17-апрелиндеги  Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Башкы прокурордун отчету угулуп жатканда депутат З.Рысалиев дагы көтөрүп, анда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов банктан табылган векселдер боюнча иштин жагдайын тактап туруп анан жооп берүүгө убадасын берген.

2010-жылдан бери эки Башкы прокурор жана тийиштүү укук коргоо органдары ачып бере албаган бул таң калыштуу маселеге эми кандай жооп бериле тургандыгын күтө туралы…

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылы Кыргызстандан качкан Максим Бакиевдин банктарынын биринен 3 млрд 800 млн долларга бааланган баалуу кагаздар – векселдер табылып, Убактылуу өкмөттүн колуна өткөрүлүп берилген эле. Убактылуу өкмөт анын жигин билгизбей жок кылып жиберип, кийин сурагандарга “казактардыкы экен, берип койдук” деп кутулган. Кантип эле төңкөрүшчүлөр “откаты” жок казактарга оңой эле кармата коюшканы тууралу алигиче бир олуттуу иликтөө жок. Укук коргоо органдары бул иштин мыйзамдуулугун текшерип иликтесе Бакиевдердин мүлкүн элге бербей өздөрү будамайлаган дагы бир канча мародердун бети ачылат эле. Депутаттар бул факты боюнча да депутаттык комиссия түзүп, текшерип, жыйынтыгын элге жарыяласа жакшы болмок. Ал эми Генпрокуратура, УКМК жана ИИМ бул 3 млрд 800 млн доллардык вексел кандайча жол менен Казакстанга чыгарылып кеткенин, пайдасын кимдер көргөнүн иликтеп, юридикалык баа бериши керек.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: