Menu

Аткаминерлердин мүлктөрү жалаң ата-журт, кайын журттун атына, болбоду дегенде токолунун этегине катылган

Бөлүшүү:

Кайран погон, кайран жылдыз, кайран эл…

Жалил Атамбаевге байланышкан иликтөөнү даярдап отуруп, кыргыз бийлигиндеги развраттын, саясий порнографиянын бир четин көргөндөй болдум. Колумбиядан айырмабыз жок экен. Колумбияга жетпеган жагыбыз эле күнүгө атышуу уюштуруп турган Пабло Эскобарыбыз гана жок тура. Калган саясий сойкулуктун, коррупциянын баарын топтоптурбуз?

Салыктан качкан ишкер бир эле Жалил Атамбаев болсо кана эле. Анда анын эсебин таап коюш оңой болмок го. Үйдү сапатсыз курган, келишимди аткарбай койгон ишкер бир эле ушул болуп, калганы айнектей тунук болсо кана эле? Андай эмес да.

Бүт мамлекеттик кызмат банкроту жок бизнес болуп калганы качан. Мына ошон үчүн Жанар Акаев менен Раскелди Момбековдон башка бир да депутат салыктар тууралуу ооз ачканга жараган жок да.

Бүт мамлекеттик кызматтарда жалаң чайкоочу, коммерсанттар толуп албадыбы. Ушулбу биздин мамлекет? Ушулбу биздин мекенчилдик? Мен мекенимди чексиз сүйөм деп, көздүн карегиндей сактайм деп, ар жыйында колун көкүрөгүнө коюп гимн ырдаган аткаминерлерибиздин бүт турган турпаты чайкоочулук болуп атпайбы?

Бизнесин жашырган бир эле Жалил Атамбаев эмес экен да. Эң бай делген Бабановдун, Раим миллиондун, Турсунбековдун, Шадиевдин, Пирматовдун, Пиримовдун өз аттарында жарыган мүлк жок да. Аткаминерлердин мүлктөрү жалаң ата-журт кайын журттун атына, болбоду дегенде токолунун этегине катылганы эми гана элге билинип атат.

24-марттан кийин, 7-апрелден кийин кыргыз бийлигинин табияты өзгөрүп кеткенсип уялбай майрамдап, кыйратып койгонсуп, эс алып жатабыз. 7-апрелди эл эмес, бийликке келген беш-алты киши эле өз үйүндө майрамдай берсе жарашат эле. “Биз бийликке келген күн” -деп.

7-апрелди “Акталбаган үмүт” күнү, “Бөөдө өлгөндөр” күнү, “Бийлик уурдалган күн” деп атап, аза күтсөк жарашмак. Же 24-марттан, 7-апрелден кийин мамлекеттик башкаруунун табияты түп тамырынан өзгөрүп, кыргыздын жашоосу керемет болуп кеттиби? Мектептерде акча топтолбой калдыбы? Ооруканалар акча албай сапаттуу тейлеп калдыбы? Жолдо МАИ пул сурабай калдыбы? Коррупционерлер камалып, криминалдар өлкөдөн качып кетиштиби? Же жолдор оңолуп кеттиби? Эмгек мигранттар өлкөсүнө кайтып келиштиби? Айлыктар айдан айга жетип калдыбы? Кызматтар пулга сатылбай калдыбы? Эмне болду? Эмне өзгөрдү? Эч нерсе болгон жок го. Анан эмнени майрамдап атабыз?

Жалил Атамбаев салыкты төлөбөй койсо, анысы кайдагы бир Азаттыктын аймактагы кабарчысы айтканга чейин жиги билинбей жүрө бергенине биринчи кезекте Жалил Атамбаев эмес, көзөмөл органдар күнөөлүү да.

Кылмыштарды ачам деп, салыктарды казынага жыям деп отурган гилтейген генералдар, полковниктер бар эле го. Кана ошолор? Жашырылган салыктарды каржы полиция, АКС, эсеп палатасы, прокуратура көрбөй атабы? Алар эмне чакмак таш ойноп отурабы?

Кечээ бирөө “О содоголоюндар, прокуратура, АКС, финпол, уктагыла, турбагыла” –деп пикир жазыптыр. Жалилди Жалил кылган мына ушул көзү көр көзөмөл органдар эмеспи?

Э койчу, кайран сөз… Кайран жеме… Кар болгон, кор болгон кайран эл.

Ыдырыс Исаков, иликтөөчү журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: