Menu

Түркмөнстан аймактарында кайрадан ун тартыштыгы жаралды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Мары облусунун айрым райондорунда кайрадан ун тартыш болууда. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, акыркы бир нече жумадан бери аталган облустагы айрым мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатылбай калган. «Райондордо кайрадан ун таптакыр жок калды. Серхатабат районундагы Имамбаба жана Каракол шаарларында бир нече жумадан бери ун тартыш болууда. Адамдар эмне кыларын билбей калышты», — деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы.

«Мары облусунун Байрамали, Гарагум, Йолотен, Сакар-чэге жана Мургаб райондорунун тургундары мартта берилиши керек болгон ундун нормасын апрелдин ортосундагы гана сатып алышты», — деп жазды «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы. Маалыматка караганда, апрелде берилиши керек болгон ундун нормасы эми июнда, буудайдын жаңы түшүмү жыйнала баштаганда берилет.

«Эркин Европанын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү өз булактары билдиргендей, бул жолку ун тартыштыгы Түркмөнстандын коңшу Ооганстандагы селде жабыркаган адамдарга гуманитардык жардам жөнөтүп жатканына байланыштуу.

«Азык-түлүктүн, анын ичинде ундун ири көлөмү гуманитардык жардам катары же өтө төмөнкү баада Ооганстанга жеткирилип жатат. Буга чейин мындай жардамдар мамлекеттик резервдин запастарынан алынчу, азыр болсо калкка берилиши керек болгон азык-түлүк кетип жатат», — деди өлкөнүн Коргоо министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: