Menu

Грузиянын чыгышында чечендер менен полиция кагылышты

Бөлүшүү:

Грузиянын чыгышындагы Панкисское капчыгайында ГЭСтин курулушуна каршы чыккан чечендер менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, жыйырмадай адам жаракат алды.

Чечендер ГЭС айлана-чөйрөгө зыян тийгизиши мүмүн деген жүйөлөр менен курулушка каршы чыгышууда. Бийлик инвестор уруксат кагаз алганын, чалгындоо иштерин жүргүзгөнүн билдирүүдө.

Дуиси айлынын тургундары курулуш аймагын бөгөп коюшту. Каршылык акциясынын катышуучулары кагылышуулар учурунда таштарды, союлдарды, күйүүчү суюктук куюлган бөтөлкөлөрдү, ИИМдин атайын бөлүгү резина октор менен көздөн жаш агызуучу газ колдонушту.

Аймакка өлкөнүн ички иштер министри Георгий Гахарий келген соң кырдаалды бираз жөнгө салууга мүмкүн болду. Жашоочулар ГЭС чечен айылдарын суусуз калтырышы мүмкүн экенин билдирип, курулушка жол бербей турганын эскертишүүдө.

Панкисское капчыгайы 1999-жылдары чечен урушу маалында чечен талаа командирлери жашынган жер катары белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: