Бүгүн, 22-апрелде Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омполдо уран казууга каршы митинг болуп өттү.
Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы – Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын 60 пайызына орусиялыктар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.
Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган.
Чалгындоо иши 2012-жылы башталган.
Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.
2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участогу мамлекеттик баланска коюлган.
Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.
Маселени иликтеш үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. 20-апрелде комиссия мүчөлөрү менен жолуккан бир катар жергиликтүү тургундар кенди иштетпөөнү талап кылышты.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ