Menu

Видео – Назарбаев казак президенттигине Касым-Жоомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

Бөлүшүү:

«Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы спикери, учурда мамлекет башчынын кызматын аркалап жаткан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттике сунуштады.

Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин башкаруучу партиянын съездди алгачкы жолу өтүп жатат. Назарбаев өткөн айда кызматын тапшырган, бирок «Нур Отандын» лидери бойдон калган.

Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленген.

Казакстанда жана эл аралык коомчулукта Дарига Назарбаеваны атасынын мураскери катары көрүп, анын ордун басышы ыктымал деген жоромолдор айтылган. Бирок анын кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниети жок экенин 9-апрелде жардамчысы Сауле Мустафаева «Tengrinews.kz» сайтына билдирген.

Учура ал Казакстан сенатынын төрайымы. Конституцияга ылайык, эгер президент мөөнөтүнөн мурун президенттик кызматын тапшырса, анын ыйгарым укуктары сенаттын башчысына өтөт.

Өлкөдө болочок президенттин ыйгарым укуктары Нурсултан Назарбаевге салыштырмалуу аз болот. 2017-жылы өзгөртүлгөн Конституция боюнча кадрдык жана саясий маселелерди чечүүдө көбүрөөк укуктар парламентке берилген.

https://www.youtube.com/watch?v=l5imZHsRANA&t=1s

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: