Menu

Кылмыш бар, бирок “далилдер” жок же эс алуу үчүн кооптуу жайга айлана баштаган Гавайи

Бөлүшүү:

«Адам куну тооктун кунундай» болбой калган доор босогодон төрүбүзгө өттү. Байлыгына, же мансабына чиренгендер кол алдындагыларга кордогондугун мындай коёлу, алардын тагдырына таш уруп, өмүрүнө коркунуч келтирсе да жоопкерчиликке тартылбасына ишенип алышты. Тергөөдө ири сумма акча менен кылмыш ишин жаптырып, сүттөн таза чыгарына алардын ишеними да зор. Болбосо, атайын мындай кылмыш жасалмак эмес.

Айтылуу «Гавайинин» аймагында ал жерде күзөт кызматындагы Мирлан Сатыбалдиевдин өмүрүнө кол салуу болот. Анын «көзүн тазалоо» максатында баш сөөгүнө катуу залал келтирилет, мындан тышкары көп жеринен бычак менен жаракат алып, эс-учунан ажырагандан кийин ооруканага жеткирилет. Өлүм алдындагы бул күзөтчүдөн окуянын жүрүшү боюнча тергөөчү «түшүнүктүү жана ирети менен маалымат ала албагандыгы», мында «кылмыш» бар экендиги, бирок «далилдер жок» болгондуктан чечкиндүү аракет жасоого мүмкүнчүлүк болбой, ошондуктан иш создуктурулуп жаткандай түр көрсөтөт.

Жабыркаган Мирлан Сатыбалдиевдин бир тууганы Галина Сатыбалдиева тергөөчүдөн: – Кылмыш ордунан далил буюмдары алындыбы? – деген суроосуна: – Далил буюмдар табылган жок жана видеокамерадагы жазуулар жок кылыныптыр» – деп алаканын жайып тим болгону жогорудагы күмөн ойду жаратат. Ушундан улам, тергөөчү кылмыш ишин иликтөөнү атайын создуктуруп, кийин кылмыш ишти жабууга алдын-ала «жол салып» жатпасын деген шекти туудурат.

«Гавайи» кафесинин, «Бурана мейманканасынын жана бүтүндөй коттежд шаарчасынын аймагы видеокамерага тартылып турарын, окуя болгон күндөгү камерадагы кадрлардын «өчүрүлүшү» кылмышка алдын-ала даярдалган деген жыйынтык чыгарсак болот. Ошол эле учурда тергөөчүнүн эмне үчүн видеокамеранын «катуу дискисин» (жесткий диск) алып, лабораторияга жөнөткөн эмес деген суроо пайда болот. Кылмыш ишин иликтеген тергөөчүнүн мындай чечкиндүү жана оперативдүү иликтөө жасабагандыгы ишти создуктурса, ири суммадагы акчалай сыйлык берүүгө макулдашылган болуп жүрбөсүн? А-ай, ким билет, бир байпак үчүн соттолгон бар, киши өлтүргөндөр эбин тапса жоопко тартылбаган мыйзам да бизде эмеспи. «Гавайидеги» бул кылмыш акыры «күтүлбөгөн кокустуктан» болгон деп жабылып калышы да мүмкүн.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде да Гаваиде атышуулар болуп кан төгүлгөн. Ал окуялардын да арты ачылбай калган эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: