Menu

Чабыштыргандан жадай элексизби?..

Бөлүшүү:

Ар бир доор көшөкөр кошоматчылардын нукура жүзүн калк алдында ачып келген, ача берет. Айрыкча, мансап үчүн бүгүнкү айтканын танган, калыстыгынан танган адам сындууларды элибиз эзелтеден эле жээрип келгенин билсе да, калыс кебинен тайгандарды азыр деле адам катары санабагандыгын тана албайбыз. Алар ар качан «саясат – сасык оюн» деп кыйкырып чыгып, акырында анык «сасыткы» болуп калганын жашырууга аракет жасап келишет. Тактап айтканда, бир учурда оппозицияда, кийин бийликтин камчысын катуу чапкан, ошол «мээнети» менен КРнын Обдусменинин мансабынын даамын таткан Турсунбек Акун мырзаны мисалга келтирсек болот.

Өткөн жумада «Жаңы Ордо» гезитине мурдагы президенттик шайлоодо элдин катуу колдоосуна ээ болгон, күтүүсүз жерден экс-президенттин колдогон адамдан «жеңилип» калган, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар түрдүү саясий шоуларды баштабай, өлкөдө түрдүү ызы-чууларды жүргүзүүдөн баш тарткан Ө.Бабановду «коркок» деген маалымат таратканы таң калтырганын айтсак күнөө болбос…

Эсиңизге сала кетели. Сиз КРнын Обдусменинин «баш көзүрү» болуп, кыргыз элине жарым тыйын пайдасы жок Батукеевге кам көрүп, аны «бошотпосок өмүрүнөн ажырайт» – деп, аэропортко ал түшүүчү учакка чейин узатып, жөн эмес ал өтүүчү жолго килем төшөтүп, каңырыгыңызды түтөтүп коштошконуңузду, ошондон улам ал кызматтан кеткен деген кепти кантип төгүндөй аласыз? Буга катышым жок деп кантип тана аласыз? Бул боюнча 20дай адамды «баарын сотко берип, ак экенимди далилдейм»» – деп, Юстиция министрлигинин алдында нааразылык акциясын уюштарганыңызда жаныңызда болуп, кагазыңызга кол койдурганыңызды, аягында «аларыңызды алган сыяктанасыз», жалыныңыз «жалп» өчкөнүн танасызбы? Ал кагаз ал жердин архивине сакталып каларын билбейсизби? Батукеевден ошол кезде «алганыңызды» эми элден жашырбай айта аласызбы?

Президенттик шайлоо өнөктүгүндө элдин катуу колдоосуна Ө.Бабанов ээ болгондо аны колдоого даяр экениңизди жар салган элеңиз. «Жаштыгынанбы, же жамандыгынанбы», айтор, ал сизди капарына албай койду. Сиздин пикириңиз ошол замат «180 градуска» алмашылып, азыркы президентти колдой баштаган элеңиз. Бул деле далилдөөнү талап кылбайт эмеспи. ММК, телерадиого аркылуу далилдер жетиштүү «болсо керек». Туурабы, Турсунбек Акун мырза!?

Эми күзгүдөн өзүңүздү караңыз. «Жаңы Ордо» гезитиндеги макалаңыз менен таанышып, сизге мамлекеттин тынччылыгынан, тынымсыз чыр-чатактын үзгүлтүксүз болуп турганын кааларыңызды ар бир окурман илгиртпей эле түшүнөрүн айта кетейин. Карылык калыс кептин ордуна, бири-бирин чабыштырып, ошондон ырахат алган, бир тараптын акырынан жем жеген бир пенде сыяктанасыз. Буга канча «маяна» төлөдү, кимдердин өтүнүчтөрүн аткардыңыз, муну деле жашырбас чыгарсыз, Турсунбек Акун мырза! Адатыңыз бар эле, сизге сын айткандарды «сотко берем» – деп коркутуу, тилекке каршы жогорудагы маалыматтар боюнча тийиштүү далилдер бар экенин жашырбайлы.

Калкыбыз мындай «кеп-кеңештерди” ашынган арамзалык, жеке кызыкчылыгы үчүн өлкөдө тынбаган митингдер, саясий акциялар баштаганды каалаган адам катары жана сиздин жана сизге окшогондордун элди-журтту экиге бөлүүгө жасаган бузукулук аракети катары санайт. Сизге окшогон «саясатчылардын сасыган пикири» жалпы элдин пикири эмес. «Карманга» түшөр ири каражаттан кол жууп калганыңызга «биз да өкүнүп», кайрат кылыңыз». – деп көңүл айталы! Чабыштыргандан жадай элексизби?..

Ал эми Ө.Бабановдун келбей койгонун калктын калың катмары туура деп табат, анын бул чечимин элдин көбү туура көрөт. Асмандап кур кайрат кылбай, эл арасында, карапайым калк тарабынан айтылган пикирлерге да кулак салып койсоңуз…

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: