Menu

Тажикстанда интернетти арзандатуу үчүн кол топтоо башталды

Бөлүшүү:

Душанбенин тургундары интернет үчүн киргизилген жаңы тарифтерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен президент Эмомали Рахмондун атына кайрылуу даярдап, кол топтой башташты. 18-апрелден тарта өлкөдө мобилдик интернет эки эсеге кымбаттаган.

Интернеттин кымбатташына каршы болгон жарандар 22-апрелде Айни атындагы Опера жана балет театрынын алдына чогулуп, адамдарды президенттин атына жазылган кайрылууга кол коюуга чакырышты. Алардын бул акциясы эки саатка созулду.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Шахло Иброхимованын айтымында, азыркы заманда адамдарга мобилдик интернет туугандары жана достору менен сүйлөшүү үчүн гана эмес, акча иштеп табуу үчүн дагы керек.

«Мамлекет башчы биздин үнүбүздү угуп, өтө зарыл болгон ушул маселеге чекит коет деп үмүттөнөбүз. Анткени өлкөдө дээрлик бардыгы буга каршы болуп жатышат. Алардын көбү өз нааразылыгын ЖМКлар, социалдык түйүндөр аркылуу айтып жатышат», – деди Шахло Иброхимова. Анын билдиришинче, эки сааттын ичинде кайрылууга 200дөн ашык киши кол койгон.

Акциянын демилгечилери кайрылууга кол койгон жарандардын санын үч миңге чейин жеткирип, президенттин аткаруу аппаратына берүүгө ниеттенип жатышат.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы мекеме 4-марттагы буйругу менен өлкөдөгү мобилдик операторлорду 1 Мб интернеттин баасын 5 дирамдан кем кылбоого милдеттендирген. Буга чейин 30-35 сомониден сатылып келген 1 Гб (1024 Мб) интернет 18-апрелден тарта 62 сомониге жогорулаган. Бийликтин бул чечими социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Анда мобилдик компанияларга бойкот жарыялоо жана Душанбеде нааразылык акциясын өткөрүү чакырыктары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: