Menu

УКМК: Баткен шаарынын токой чарбасынын башчысы пара талап кылуу учурунда кармалды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 17-апрелинде КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө,КР Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнүкоргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Баткен токой чарбасынын башчысы К.А. 32 миң сом пара талап кылып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам өзүнүн кызматкерлеринен аталган акча каражатын аудит жүргүзүү ишканасынын өкүлүнө берүүүчүн талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ошондой эле текшерүү иштеринин жүрүшүндө К.А. тарабынан Баткен токой чарбасынын финансы-чарбалык иштерде мыйзам бузуулар болгондугу аныкталды.

Белгилей кетсек, 2017-2018-жылдары өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларда документтер жасалгаланып, 14 миң700 ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү мыйзамсыз сатылып жана ошондой эле токой жайыттарын ижарага берүүдө түшкөн акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган фактылары табылды.

Азыркы учурда кармалган адамгаүй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы каралды.
Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: