КТРКнын экс-гендиректору Илим Карыпбековдун 90 жашты таяп калган бир укмуш тайэнеси бар. Илим мырза убактысы боло калганда, бир чашка кофенин үстүндө тайэнесин сөзгө тартып, саясатты жиликтейт. Анысын телефонундагы видеокамерасына тартып, Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жүктөп турат.
Апанын ой жүгүртүүсү ушунчалык зирек дейсиз, анча-мынча билимдүү жаштарды да артка калтырат. Кыскасы, небересинин жардамы менен 90 жаштагы апа Кыргызстандагы популярдуу видеоблогерге айланып кетти. Апа катышкан видеопостторду жүздөгөн кишилер көрүп, ондогон кишилер комментарийлерди жазышат.
Сиздердин назарыңыздарга апанын акыркы видеопостторунун бирин сунуш кылабыз.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ