Menu

Айбек Бузурманкулов, ТЭКтин төрагасы: “Конституциялык реформа жана Кумтөрдү денонсациялоо боюнча кол топтоолорду баштайбыз”

Бөлүшүү:

-Айбек мырза, акыркы кездеги  ТЭК (Туруктуу Элдик Кыймылы) өзүнүн саясий амбициясын ачык айтып, ал турсун ар кандай саясий иштерге активдүү билдирүүлөрү менен чыга баштады. Дегеле, ТЭКтин негизги орчундуу максаттары, позициясы кандай эле?

– Эгемендикке ээ болгон күндөн баштап эле күн тартибинде турган кандай коомдук-саясий түзүлүштөгү мамлекет курарыбыз, кайсыл жол менен өнүгөрүбүз, карманган идеологиялык баалуулуктарыбыз кандай болору ушул күнгө чейин анык болбой келе жатат. Мына ушул турмуштук өктөм зарылчылыктан улам, мындан туптуура эки жыл мурда , тагыраагы 2017- жылы, 28-апрелде улуттук-мекенчил багытты карманган коомдук-саясий уюмдардын, партиялардын, кыймылдардын, жүздөгөн жеке улуу-кичүү атуулдардн катышуусунда жыйын өтүп, кеңешүүнүн жыйынтыгында биригип аракеттенүү максатын көздөгөн Меморандумга кол коюлуп, жандуу аракеттер башталган. ТЭКтин демилгеси, коомчулуктун колдоосу менен 2018- жылдын 24-ноябрь күнү Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн, коомдук-саясий уюмдардын Курултайын өткөрдүк. Жыйындын жыйынтыгы менен 19 пункттан турган Резолюция кабыл алынды. Курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу максатында 19 адамдан турган Аткаруу комитети түзүлүп, жигердүү иш алып барууда.

– Түшүнүп атам, эми ошол жигердүү аракеттериңизди сурап айтпаймынбы..,

-Конституцияны улуттук духта жаңылоо, Кумтөр маселеси, улуттук идеология, саясий туткундар, бийликти узурпациялоонун кесепеттери жөнүндөгү маселелерди талкуулаган Конференцияларды уюштурдук. КРнын паспортунан “улуту” деген графанын алынып салынышы боюнча Конституциялык палатага экинчи ирет кайрылуубуздан соң өндүрүшүнө алынып, жакында 30-апрель күнү каралганы турат. “Элдик Курултайлар жөнүндө” мыйзамдын долбоорун даярдоо жөнүндө бийлик тарабынан Жумушчу комиссия түзүлүп, анын курамында ТЭКтин мүчөлөрү иш алып барышууда. Бул кадамдарды азыркы бийликтин элге жүзүн бургандыгынын алгачкы жышааны катары бааласа болот. Курултайда көтөрүлгөн Батукаев, Дача СУ маселеси кайрадан козголуп, токтотулган тергөө иштери жандандырылды.

– Кумтөрдү унуткан жоксуздарбы. Аны унутпоо керек, ал биздин башкы маселебиз.

-Ооба, Кумтөрдүн маселеси башкы орунда турат. Аны унутпообуз керек. Ушул тапта чечилбей келе жаткан пайдасынан зыяны көп Кумтөр маселеси болууда. Биз бул маселени акыйкат чечүүнүн жолу катары денонсацияга барып, ишти токтотпостон жаңы инвесторлорду таап, Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон жаңыча шарттар менен иш алып барууну сунуштап жатабыз. Кыргызставдын жер-суу байлыктарын элдин пикирин эске албай жең ичинен соодалоо дагы эле уланып жаткандыгын жакында кескин сынга алабыз.

– Айбек мырза, бийликтин эң чоң оппоненти бул оппозиция болуш керек эле. Эми бул демократиянын шартына шайкеш эле
нерсе. Бизде оппозиция бар жогу деле байкалбайт. Болсо алар, ошол силер айткан талаптарды мөөнөтү менен аткаруучу өкмөткө коёт эле. ТЭК деле ачык ошондой талапты койсо болот беле?

– Былтыр 2018-жылдын 24-ноябрывда саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрдүн биринчи Курулайын өткөрүп, анда мурдагы жана азыркы Президенттердин, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүү менен бирге, 3 бийлик бутактарына бир нече талаптар коюлган. Жана ошол талаптардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн аткаруу комитети түзүлүп, отчётун быйылкы жылдын апрель-май айларында саясий, коомдук жана мекенчил уюмдардын 2-курултайында берүү тапшырылган. Алдыда мына ошол талаптардын аткарылышын суроо үчүн жыйын кылганы жатпайбызбы.

– Эки жыл өтүп кетиптир, дагы бир эске сала кетсеңиз. Кандай талаптар эле?
– Аларды айта турган болсок:
1) Конституциялык реформага баруу

2) Кумтөр маселесин чечүү

3) Улуттук дөөлөт мурастарга көңүл буруу

4) Паспорттогу “улуту” графасын калыбына келтирүү

5) “Элдик курултай”  мыйзамын кабыл алуу

6) Саясий туткундардын ишин жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароо

7) Экс-Президент А.Атамбаевди жоопко тартуу

8) Чуулгандуу резонанстуу окуяларды аягына чыгуу

Тилекке каршы, Президенттен башка бир дагы бийлик бутагы өзүнө тиешелүү маселелерди чечмек түгүл, кат жүзүндө жооп берип да койгон жок. Муну биз аталган бийлик бутактарынын кенебестиги, чечкинсиздиги, көз каранды экендиги деп баалайбыз.

– Дагы деле жооптор, аракеттер байкалбаса кандай кадамдарга барасыңар?

– 1-январга чейин биздин ЖКга коюлган талаптар аткарылбагандыктан Аткаруу комитети тарабынан январь айында 2 тегерек стол өткөрүлдү. Конституциялык реформага байланышкан, экинчиси Кумтөр келишимин денонсациялоо боюнча. Жыйынтыгында бул эки маселе боюнча 2 мыйзам долбоору иштелип чыгып, Элдик демилге 10 000 кол топтоо аркылуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү аракети буулуп жатат. Аталган 2-долбоорду каттатуу максатында юстиция министрлигине тиешелүү документтер берилди. Жыйынтыгында Референдум өткөрүү боюнча демилге топ менен мыйзам долбоорун юстиция министрлиги тарабынан катталып, күбөлүк алынды.

27-апрелде өтө турган Саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрдүн 2-Курултайында жогоруда айтылган маселелердин баары каралат. Биз баардык саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрдү айтылган идеялар боюнча кызматташууга чакырабыз. Кол топтоо Кыргыз Республикасынын баардык аймактарывда 27-апрелден кийин башталат.

Баймырза Накай

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: