Menu

Жогорку сот: Өмүрбек Текебаевдин жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку сотто Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын № 47 мекемесинин башчысы А.Мамбетовдун Өмүрбек Текебаевге карата жазык ишин жаңы жагдай боюнча кароо жөнүндө сунушунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын № 27 мекемесинин башчысы Н.Сатыбалдиевдин Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык ишин жаңы жагдай боюнча кароо жөнүндө сунушунун, Ө. Текебаевдин кызыкчылыгын жактаган жактоочулар Э.Джаныбеков, Б.Осмонбаев жана Ө.Текебаевдин өтүнүчтөрүнүн негизинде Ө. Текебаев жана Д. Чотонов жөнүндө  жазык иши каралды.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү менен, Өмүрбек Текебаев КР КЖКнын 303-статьясынын 1-б.  менен күнөөлү деп табылып, 8 (сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылган. “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс” жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Ө.Текебаев жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Бишкек шаардык сотунун  2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун соттук акты өзгөртүүсүз калтырылган. Өз учурунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому менен жогорудагы өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Бүгүнкү соттук отурумда ишти кароону жылдыруу жөнүндөгү өтүнүч менен ишке катышкан прокурор кайрылып, өтүнүч канааттандырылып, кийинки соттук отурум 2019-жылдын 3-майына жылдырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: