Menu

Түркмөнстан аргымактардын улуттук майрамына даярдык көрүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөн аргымагынын улуттук майрамына карата 27-апрелде Ашхабадда ахалтекин тукумундагы жылкылардын эл аралык сулуулук сынагы өтөт. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.

Расмий басылмалардын маалыматына караганда, буйрукта мындан тышкары аргымактардын сулуулугун даңазалаган сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, зергерлердин, килем токуучулардын, басмакана кызматкерлеринин, дизайнерлердин жана телеоператорлордун арасында дагы сынак өткөрүү каралган.

ТДХ мамлекеттик маалымат агенттиги президенттин буйругу менен жогорудагы сынактар боюнча калыстар тобунун курамы бекитилгенин жазды.

Жыл сайын белгиленип келген Түркмөн аргымагынын күнүнө былтыр улуттук майрам макамы берилген. Тиешелүү жарлыкка жылкылар тууралуу бир нече китептин автору, президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: