Menu

Кызыл-Омполдогу уран чатагы: чоң чырдын башы…

Бөлүшүү:

– Өкмөттүн уран казууну убактылуу токтоткону каршы чыккан элди алдап, солдоп токтотуунун жолу эмеспи?

Улукбек Маматаев, “Ак калпак” партиясынын төрагасы: “Радиациядан жабыркаган эл эмне болот, кандай балдар терөлөт?”

– Балээнин баары биздин экономиканын төмөндүгүндө болуп жатат. Өкмөт бюджетти толтура албай, ар кандай жолдорду издөөдө. Тилекке каршы, бийлик башына мамлекеттин келечегин, кыргыз элинин келечегин ойлогон адам келбей жатат. Буга Ысык-Көл областында жаралган жагдай далил боло алат. Совет доорунда Кыргызстанда уран казуу иштеринин кесепеттерин бүгүнкү күнгө чейин тартып отурабыз: Кажы-Сай, Майлуу-Суу, Миң-Куш бүгүн эмне болду? Бизге дагы кандай сабак керек, эми кыргыз элинин бермети болгон Ысык-Көлгө да жетишти. Эгерде Ысык-Көлдө уран казыла баштаса туризм жөнүндө ойлонбой эле койсок болот. Эң башкысы, радиациядан жабыркаган эл эмне болот, кандай балдар төрөлөт, ушунун баарын өз кызыкчылыгын гана ойлогон баскынчы мамлекеттердин компаниялары ойлоп да койгон жок. Уранды казса кесепеттери кандай болоору сабатсыз адамга деле түшүнүктүү болуп калды. Жоопкерчиликти эч ким мойнуна алгысы келбейт, албайт дагы. Ошондуктан, биз уранды иштетүүгө жол бербешибиз керек. Кыргыз мамлекети кыргыз элине гана керек. Башка эч кимге кереги жок. Тактап айтканда башкаларга биздин кен байлыктарыбыз эле керек.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Жамгыр басылгыча эс ала туралы”

– Сөздү притча менен баштайын. Биздин айылда Сыдыкбек, анан Акун деген бир туугандар болгон. Эмнеге экенин билбейм, экөө жолуккан эле жерден мушташчу экен. Бир күнү мушташып атышса жамгыр төгүп жиберет. Экөө: “Жамгыр басылгыча эс алып токтой туралы. Жамгыр басылган соң кайра мушташабыз”- дешет имиш. Азыр айылда чала бүткөн иш болсо же урушкан адамдар болсо “Сыдыкбек менен Акундай болбогулачы”- деген сөз бар.

Уран маселесине келгенде бийлик менен элдин ортосундагы мамиле “жаан басылгыча эс ала туралы”- деген Сыдыкбек менен Акундун урушундай болуп калды. Өкмөт Кызыл-Омполдогу уранды чалгындоо (казуу иштерин) токтоттуруп, комиссия түзүп, ал жыйынтыгын чыгаргыча күтөлү – деп элди тынчтандыруу аракетин көрдү. Ошондо түзүлгөн комиссия: “Каза берсе болот. Эч кандай зыяны жок”- дешсе эртең иш башталабы? Анда эл кайра көтөрүлөт да. Өткөндө бийликте жүргөндөрдүн бири айтып чыкпады беле. “Бизде комиссия дегенге ишенип кереги жок. Бирөлөр комиссияга жыйынтык чыгарып бергиле деп кайрылса кайра сурашат имиш, “кандай жыйынтык чыгаралы? канча төлөйсүңөр?”- деп. Эл кандай комиссия тузүлсө да ишенбейт. Мунун бир гана жолу бар. Ишти толук токтотуп, уран казуу маселеси экинчи сөз да болбошу керек. Кызыл-Омполдогу бир да таш ордунан кыймылдабай жатышы керек. Ошондо гана эл тынчыйт.

Темир Бирназаров, режиссёр: “Так ушул уран маселеси – чоң чырдын башы болот”

– Уран казуу маселеси эбак эле чечилип калган. Эл менен кеңешпей, коомдук пикирди эске албай, өзүмбилемдик менен чечим кабыл алуу – бул биздин өкмөттүн оорусу болуп калды. Баардык маселе ушундай көмүскөдө чечилип келе жатат. Бул уран маселесин да алдын ала чечип алышып, эми эл нааразы болгондуктан убакытты чоюп, элдин көзүн будамалайлы деген эле амалы. Так ушул уран маселеси – чоң чырдын башы болот. Бул маселе саясатчылар үчүн табылбас шылтоо болот.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Ыйык жерди булгаганга аракет жасагандар оңолгон эмес”

– Урматтуу бийлик өкүлдөрү, Ысык-Көл областы Кыргызстандын эң кооз жери, Ысык-Көл кыргыз элинин сыймыгы, көздүн карегиндей сактай турган ыйык жери. Чет өлкөгө тааныта турган, элдин эс ала турган жери, Көл өрөөнү бизнесмендердин акча таба турган ыйык жери! Ошон үчүн Ысык-Көлдө байлыктын баары бар, мөңгү, алтын, жез, уран, көмүр…. Алтын алабыз деп, алтындан кымбат мөңгүнү талкалаттык, элди ууланттык, сууну булгадык, түбөлүк кала турган эң коркунучтуу 4 миллиондон ашык тонналык уу сактаган хвостохранилищени таштап жатабыз! Бирок Кыргызстан өнүгүп кеткен жок. Көлдүн жолу да, ооруканалары да оңолгон жок! Союз убагында Кажы-Сайдагы уран иштеткенден калган хвостохранилище коркунучсуз рекультивация жасалган жок! Ал да коркунуч алып келиши мүмкүн! Эми дагы Тоң районунан уран алабыз деп жатасынар, эмне деген шумдук. Бир чечимге келээрде жети өлчөп бир кесиш керек! Ойлонуңуздар, ыйык жерди булгаганга аракет жасагандар оңолгон эмес!

Ал бул деп элди алдабай мамлекеттик комиссиянын чечимин күтүш керек. Эгерде комиссия реалдуу жыйынтык чыгарбаса, кайра эл чыгышы мүмкүн. Ысык-Көл биосфералык аймак экенин да эстен чыгарбаш керек. Мындай жерде уран өндүрүү бул абсурд!

Каныбек Осмоналиев, саясатчы: “Ач көз «ишкерелердин » азабынан өлкөбүздун уникалдуу жаратылышынан айрылганы турабыз!”

– Мен да ошондой эле түшүнүп турам. Кимден сурабайын бардыгы эле ишенбей, бүшүркөп турушат. Анткени, өкмөттөн ишенич кетип калган турбайбы! Уранды казуунун бир нече жолдору бар! Алардын ичинен эң жапайысы, башкача айтканда, эксковатор менен эле чаңын ызгытып ачык казып алса болот. Бул жол арзан жана айлана-чөйрөгө өтө чоң зыян алып келген ыкма! Тилекке каршы уранды Көлдүн жанынан казып алууга жан үрөп жаткан коммерциялык жеке фирма ошол жолду колдоно турган болуп алыптыр! Буга өкмөт убагында уруксат берип койгондой! Анан алдоо жолуна түшүшөт да. Менимче Кыргызстан рекреациялык зоналарда кен казуу иштерин мыйзам менен тез арада токтотуп коюусу зарыл. Антпесек, ач көз «ишкерелердин» азабынан өлкөбүздүн уникалдуу жаратылышынан айрылганы турабыз!

Бусурманкул Одуракаев, актёр: “Уран казардан мурун пайдасы менен зыянын эсептеп чыгыш керек”

– Мындай кооптуулугу чоң, элдин келечегине запкысы тийип калышы мүмкүн деген маселени таразалап, салмактап анан чечим чыгарыш керек. Уран казардан мурун пайдасы менен зыянын эсептеп чыгыш керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: