Menu

Ким Чен Ын Орусияга келди

Бөлүшүү:

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн бүгүн таң эрте Орусияга келди.

Хасан станциясында Ким Чен Ынды Приморья губернатору Олег Кожемяко, Ыраакы Чыгыш жана Арктиканы өнүктүрүү министри Александр Козлов тосуп алды.

Түндүк Корея лидерин чиновниктерден тышкары орус улуттук кийимин кийген кыздар даам менен тосуп алды. ТАСС маалымдагандай, Ким Чен Ын “нан менен туздан” баш тарткан. Бирок кийинчерээк ал сунулган даамдардан ооз тийип жатканы тартылган видео пайда болду.

Хасанда Ким Чен Ын Орус-корей достук үйүнө барды. Бул үй “Ким Ир Сендин үйү” деген ат менен белгилүү. Үй 1986-жылы анын атасы СССРге келер алдында курулган. Мындан соң Түндүк Корея лидери Уссурийскке сапар алды. Андан соң ал Владивостокко барып, 25-апрелде Орусия президенти Владимир Путин менен жолугат.

“Коммерсантъ” маалымдагандай, саммит Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Алгач эки өлкө лидерлери бетме-бет жолугушуп, андан кийин кеңири чөйрөдө пикир алышат. Сапарга даярдык көрүү үчүн буга чейин Владивостокко Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Е Чжон келген.

Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден бери Орусияда болгон да, Владимир Путин менен жолугушкан да эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: