Menu

Казакстандын кесиптик кошуун федерациясы президенттикке өз талапкерин көрсөттү

Бөлүшүү:

Казакстандын кесиптик кошуун федерациясы 9-июнда өтө турган кезексиз президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөттү.

Федерациянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 24-апрелде уюмдун башкы кеңешинин жыйынында Батыш-Казакстан облусу боюнча кесиптик кошуун бирикмесинин төрагасы Амангелди Таспиховдун талапкерлиги жактырылган.

Амангелди Таспихов 1959-жылы Батыш-Казакстан облусунда төрөлүп, Ленин атындагы Казак политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. 1982-жылдан 1989-жылга чейин Алматы жана Батыш-Казакстан облустарындагы өнөр-жай ишканаларында өз адистиги менен иштеген. Андан соң өлкөнүн Индустрия жана соода министрлигинде эмгектенген. Түрдүү жылдары Казакстан парламентинин сенаты менен мажлисинде депутат болгон.

Буга чейин федерация уюмдун атынан көрсөтүү үчүн эки адамдын — Амангелди Таспихов менен федерация төрагасынын орун басары, парламенттин мурдагы депутаты Мухтар Тиникеевдин талапкерлигин карап жатканы кабарланган. Бүгүн Тиникеев мамлекеттик тилди жакшы билбегендиктен, талапкер болуудан баш тартканы белгилүү болду. Өлкөдө президенттикке талапкерлигин койгон жарандар үчүн мамлекеттик тилди билүү милдеттүү болуп эсептелет.

Күн мурун Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы «Нур-Отан» партиясы көрсөткөн талапкер Касым-Жомарт Токаев «мамлекеттик тил боюнча сынактан ийгиликтүү өткөнүн» билдирген.

Өлкөдө талапкерлерди көрсөтүү 28-апрелде аяктап, кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: