Menu

Видео – Бишкекте электрондук билет системасы бар жаңы газмотор автобустардын линиясы ишке киришүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сатып алынган жаңы газмотор автобустарын көрсөтүштү. Автобустардын иштөө тартиби жана киргизилип жаткан жаңылыктар жөнүндө борбор шаардын Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаков, швейцариялык BPC AG компаниясынын долбоордук департаментинин вице-президенти Тохир Абдукадыров баяндап беришти.

https://www.youtube.com/watch?v=uGIkTVpjKN0

Мэр Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын мэриясы жалпы суммасы 301,9 млн сомго Yutong Кытай компаниясы тарабынан 2019-жылдын март айында чыгарылган 60 автобусту сатып алган.

Автобустарга 80ге чейин адам батат, Евро-5 экологиялык стандартка ээ. Автобустарга электрондук билет системасын орното турган швейцариялык компаниянын өкүлү Тохир Абдукадыров Президентке маалымдагандай, эми жүргүнчүлөр жол акысын кадимки банк карточкасы же башка электрондук алып жүрүүчүлөрдүн жардамы менен накталай эмес төлөшсө болот.

Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, бул автобустардын орундуктары кышында жылытылат, 7 байкоочу камера, салондогу абаны тазалоочу фильтрлер орнотулган.

Президент Сооронбай Жээнбеков автобустар менен таанышып, Бишкек шаарынын мэри менен алардын бирине түшүп көрдү.

Ал электрондук билет системасын киргизүүнүн оң жактарын канааттануу менен белгилеп, жаңы унаалар узак убакытка чейин борбор калаанын конокторуна жана тургундарына кызмат кылуусун каалады.

Маалымдама: Yutong компаниясы 50 жылдан бери автобустарды чыгарат жана КЭР рыногун 32 пайздан ашуун, ал эми дүйнөлүк рынокту 15 пайыздан ашуун өндүрүш көлөмү менен камсыздайт. Бул компаниянын автобустары Улуу Британия, БАЭ, Катар, Россия, Филиппин, Африка, Кубага жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: