Menu

Асилбек Абдрахманов, эмгек ардагери: “Атамбаев шишиң толду! Болду токтот…”

Бөлүшүү:

Экс-Президент Алмазбек Атамбаевдин соңку билдирүүлөрү коомчулук арасында нааразычылыктын жаңы толкунун гана жаратты. Кара-Суу районунун алтымыш тогуз жаштагы эмгек ардагери Асилбек Абдрахманов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон партиялаш досун токтоосуз түрдө камоону кабарчыбызга курган маегинде абдан катуу талап кылды.

-Асилбек аба, мынчалык күйүп-бышканыңыздын башкы себеби эмнеде?

– Жаным катуу кашайгандыктан силерге атайын кайрылып жатам, эй! Экс-президент Алмазбек Атамбаев чагымчылык аракеттерин деги качан токтотот? Өзүнүн менчик “Апрель” телеканалы аркылуу азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековду каалашынча шыбап, элге аны тим эле желмогуз жана бечара көрсөтүп таштабадыбы.

Сооронбай Шарипович өтө сабырдуу, анан дагы оор басырыктуу президент экен. Ары жокко теңелген жок! Башка мамлекет башчысы болгондо, досу Алмазбек Атамбаевди мындай жосунсуз жоруктары үчүн токтоосуз камап, Апрель ТВсын суроо-сопкутсуз эле жаптырып таштамак.

– Ананчы?

– Бир жомок ушундан улам эсиме түштү. Илгери-илгери бир кемпир жана анын жалгыз уулу болуптур. Ошол уулу каракчылыкка, уурулукка, жалганчылыкка биротоло азгырылып, элин дагы куп эле какшатыптыр. Анан апасы узун шиш жасап, ошол уулу ар уурулук кылган сайын бир үзүм эттен дал ошол шишке сайып турчу экен. Күндөрдүн биринде ошол шиш дагы акыры этке толуптур. Ошондо апасы уулун бекем кармап, “Шишиң толду! Болду токтот?”-деп кан какшаса, тигил жаны жок уулу дагыле көнбөптүр. Айласы таптакыр куругунда апасы унчукпай койсо, уулу адатынча уурулук кылып жатып, элдин колуна түшүптүр. Анан эл аларды өлө тажаткан ууруну акыры катуу ташбараңга алышып, соңунда өлтүрүп гана тынышыптыр.

Муну айтып жаткан себебим: эгерде мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаевдин апасы азыр көзү тирүү болгондо: “Кой, тый, уулум! Элдин акын уурдаба! Калкыңды какшатпагын! Бейкүнөө кишилерди каматпа?”- деп зар какшамак.

– Асилбек аба, деги Сиз муну менен эмнени айтмакчысыз?

– Чыңгызхан бекер айткан эмес: “Корктуңбу, баштаба! Баштадыңбы, коркпо!”. Демек, Сооронбай Шарипович дагы туптуура жана болочоктуу жолго өлкөбүздү жана элибизди баштап баратат. Андыктан, жемкорлук менен күрөшүү катаал жана аеосуз болот. Ошентип, булардын сап ба-шында турган, кыска эле аралыкта мыйзамсыз байыган, өзү моюндагандай мультмиллионерге айланган Алмазбек Атамбаевди токтоосуз камап, анан жеген-ичкендерин толук бойдон кустуруп, Кыргызстандын ички жана тышкы карыздарынан кутулуусуна өбөлгө жаратышы керек! Ошондо гана Жээнбеков тарыхта калат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: