Menu

Видео – Премьер Мухаммедкалый Абулгазиев парламентте өкмөттүн 2018-жылы аткарган иштери боюнча отчет берди

Бөлүшүү:

«Өкмөттүн ишиндеги оң динамика мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катталды. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 5,6%га жакшырды», – деп билдирди бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясы 1,9%га жогорулаган.

«Бизнести жүргүзүү» индекси боюнча биздин республика 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгып, 7 позицияга жакшырды. Өсүш 4 индикатор боюнча катталган: «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» (+37 позицияга), «Эл аралык соода» (+14 позицияга), «Миноритардык инвесторлорду коргоо» (+13 позицияга), «Келишимдердин аткарылышын камсыздоо» (+8 позицияга) жакшырды.

«Коррупцияны кабылдоо» индекси боюнча Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга чыгып, 3 позицияга жогорулады. Экономикалык эркиндик индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен республика 79-орунда турат.

Премьер-министр кошумчалагандай, «Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк» индекси боюнча биздин көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5 позицияга жакшырган.

«Бул индекс макроэкономикалык туруктуулукту жана Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөт башчы белгилегендей, «Социалдык прогресс» индекси боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасы 146 өлкөнүн ичинен 78-орунга чыгып, олуттуу прогресске жетишти.

«Өлкөнүн өркүндөө» индекси боюнча биз 149 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээлеп, 4 позицияга көтөрүлдүк.

«Негизинен, Өкмөттүн ишинин жалпы интегралдык көрсөткүчү 2,4%га жакшырды», – деп белгиледи Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: