Menu

Видео – Алтынбек Сулайманов: “Президент сүйлөп жатса эки губернаторуңуз уктап жатат, аларды тезинен жумуштан алыңыз”

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасы азыр кандай деңгээлде жүрүп жатат. Губернатор деген структура ашыкча болуп турат. Губерниясы жок губернаторлордун сизге эмне кереги бар?” – деп сурады бүгүн, 24-апрелде парламентте депутат Алтынбек Сулайманов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден.
“Ошто Президент сүйлөп жатса губернаторлоруңуз уктап жатат, эки губернаторуңуз уктап жатат. Аларды жумуштан алыңыз, тезинен. Калгандарын бул май айы ичинде чечиңиз. Чечпесеңиз биз конституциялык укугубузга таянып, биз сизге чечип беребиз. Биз сизге муну чечиңиз деп тапшырма берип жатабыз, сиз аны аткарбай жатасыз да. Айыл өкмөттөрүнүн үстүнө акимдер минип алганы аз келгенсип, эми губернаторлор да минип алышкан. Губернаторлорду жоюп, акимдердин санын кыскартыш керек. Эчтеке чечпеген губернаторлордун эмне кереги бар? Жыйындарда уктап олтурушат. Мына жыйынтыгы ушул. Ушундан деле жыйынтык чыгарсаңыз болот да. Чечем деп коюп эле чечпейсиз”, – деди Алтынбек Сулайманов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: