Menu

Алмаз Бокушев менен Камчы Көлбаев “согушуп” жатабы?

Бөлүшүү:

Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты. Ал эми ИИМ мындай маалыматты ак, көк деп тастыктай элек. Белгилүү болгондой Алмаз Бокушевдин ысымы крим чөйрөдө 1990-жылдардын орто ченинен бери угулуп келатат. Ал башында маркум Рыспек Акматбаев менен жылдызы келишкени менен, көп өтпөй каршылашып, экөө бири-бири менен өчөшүп келген. Кийин Камчы Көлбаевге да баш ийген жок. Мындан 7-8 жыл мурун өзү крим чөйрөдөн алыстап, спорт менен алектене турганын расмий айтып чыккан. Бирок “кара дүйнөгө” бир аралашкан адам оңой менен ал дүйнөдөн качып кутула албайт. Көбү өлүп кутулат. Негизи эле акыркы айларда Кыргызстандын крим чөйрөсү тынч эмес. Ич ара чатак ырбап, таасир талашуу күчөп турат. Кээ бир маалыматтарда Камчы Көлбаев менен Бокушев тирешип жатканы айтылууда.

Мындай кырдаалда бир тарап жеңилиши керек. Бокушевдин кеткени чын болсо, ал Кыргызстандагы таасирин азайтты дегенди да түшүндүрүшү мүмкүн. Учурда Бокушевди Дубайда дешет. Баса, “Сакал” каймана аты бар Улан Токтосунов Бокушевдин таптаган баласы экенин да унутпагыла. Ал эми Көлбаев тарапта аты алыска угулган: Лимонти, Дөө Чыңгыз, Кадыр Досонов (Дженго) ж.б. бар.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: