Menu

Мектепке акча төлөө “мыйзамдашып” баратат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы мектептер менен бала-бакчалардын, болжол менен, 43%ы ата-энелерден акча чогултат экен. Бул туурасында 22-апрелде өткөн чогулушта Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирген. Чогулушка Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мектеп деректирлери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Мурун Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектепке төлөнгөн акчанын эсебин талап кылышкан. Ал лицейде 4500 бала окуйт экен. Мектеп жетекчилери акча мыйзам чегинде чогултулган деп тоготпой турушат… Бул ишти азыр тиешелүү органдар текшерип жатышат. Лицейдин деректири Диляра Абдуллаева ишинен убактылуу бошотулду. Мектептеги 4500 баланын 1000 баласы взнос төлөбөйт экен, калганы айына 500 сомдон төлөшөт экен. Ар бир окуучу ушунчадан төлөсө оңбогондой акча эмеспи!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: