Кыргызстандын Түштүк башкалаасына перинаталдык оорукана курулут. Буга акча каражатын Германия бере тургандыгы чечилди. Бул туурасында өлкөбүздүн каржы министри Бактыгүл Жээнбаева кабарлады.
– Германия менен жалпы суммасы 21 миллион еврону түзгөн үч макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык 13 миллион еврого Ош шаарында, а 6 миллион еврого Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 миллион евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына ажыратылды, – деп кошумчалады Кыргызстандын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева кошумчалагандай, Германия мынча каражатты грант иретинде каралашты. Бул макулдашуу өлкө башчысынын Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапарынын алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, каржы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу жолугушуусунун алкагында гана жетишилди.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ