Menu

Токон Мамытов, КРнын Акыйкатчысы: “Акыйкатчы жөнүндө мыйзам конституциялык мыйзам болуп өзгөрбөсө, адам укугу тиешелүү деңгээлде корголбойт”

Бөлүшүү:

—Токон Болотбекович, бул кызматка келгениңизде сизге айрымдар: “чекист адам кантип акыйкатчы боло алат, кантип адам укугун коргойт”- деген сындарды айтып чыгышты эле. Андан бери жарым жылдан ашып калды. Бүгүнкү күнү бул маселе боюнча эмне айтасыз?

—Дүйнө жүзүндө кандай кызмат болбосун – биринчи кезекте мыйзамдуулук жана адам укугу сакталышы керек. Менин аркалаган кызматтарымдын баарында тең адам укугун сактоо маселеси биринчи орунда турду. Ал эми Акыйкатчылык кызмат болсо, адам укугун сактоого толугу менен багытталган кызмат. Биринчи кезекте мыйзамдуулукту сактоо. Демек, менин буга чейин иштеген кызматтарыма 60-70 пайыз окшош. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө укук коргоо, күч тармактарында, тышкы иштер багыттарында иштеген адамдар Акыйкатчы кызматын аркалашып, ийгиликтүү иштеп жатышат. Мисалы, Россиянын азыркы Акыйкатчысы мурун Россиянын ИИМинде жетекчилик кызматтарда иштеп келген айым. Ушул сындуу мисалдар көп эле.

—Камакта жаткан саясатчыларды чыгаруу талабын коюп жатышат. Сиздер да алардын укугун коргоого милдеттүүсүңөр да. Силер тараптан тиешелүү иштер толук эле аткарылып жатабы?…

—Биз бул маселе боюнча өз ыйгарым укугубуздан аша чаппай, талапка ылайык иштерди аткарып жатабыз. Айрым адамдар Акыйкатчы абактагы саясатчыларга көңүл буруп, жөнөкөй адамдарга көңүл бурбай жатат деген сөздөрдү айтышты. Мен бул сөздөргө мындай жооп берет элем. Мен абактагы саясатчылардын алды менен үч, арты менен бир жолугуп, ахыбалдары менен таанышып чыктым. Бул иш-аракеттер боюнча өз убагында коомчулукка маалымат берип койсом болмок. Бирок абактагы саясатчылардын көбү маалымат бербешимди каалап, суранышты. Себеби, алар айрымдар ушул маселеден да саясат издеп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланышат дешти. Мен да туура көрдүм. Ошон үчүн алар боюнча убагында улам-улам пресс-конференцияларды уюштуруп маалымат берген жокпуз. Бирок туугандарына айтып, кабар берип турдук. Бул эми мурунку чиновниктер тууралуу учкай маалымат.

—Абактагы жөнөкөй адамдардын укугу кандай корголуп жатат? Бул боюнча да бир топ сындар айтылып эле келатат го…

—Негизинен биздин иштин убактысы көбүнчө абактардагы карапайым адамдардын ахыбалынан кабар алып, ошолордун укугуна көз салуу маселесине кетип жатат. Биз атайын иш-план түзүп алып, өспүрүмдөрдүн жабык мекемесине барып келдик. Эми жакында аялдардын абагына барабыз. Айрымдар Суталиновдун оорусу бар экен, ага көңүл буруп, ошол сындуу эле ооругандарга көңүл бурбайт деп сындап жатышат. Бул туура эмес. Биз баарына тегиз карап, иш алып барып жатабыз. Мына, жакында 15 жылга соттолгон, соттолгондон кийин рак илдетине чалдыккан 26 жаштагы жигитти сот аркылуу абактан чыгардык. Бирок чыгаруу оңой болгон жок. Анын оорусунун аныктамаларын коңшу мамлекеттен чыгарып келгенге каражат табылбай, Эл аралык уюмдарга кайрылдык. Алар акча бөлүп бергенден кийин, тиешелүү иштерди жасап, бир топ аракеттер көрүлдү.

Дагы бир көйгөйлүү маселени ЖМКларга айтпай, акырындык менен иш алып барып жатабыз. Белгилүү болгондой биздин бир топ жарандарыбыз Ирак, Сирияга кетип калышкан. Өзгөчө ата-энесине, туугандарына айтпай ошол өлкөлөргө турмушка чыгып кетишкен да кыздарыбыз бар. Алды 3-4, арты 1 балалуу болуп калгандар бар. Же балдарынын документтери жок. Алардын ата-энеси келип ыйлап-сыктап жатышат. Бул боюнча 3-4 айдан бери өкмөт, тиешелүү министрликтер менен иш алып барып жатабыз. Бул маселе боюнча коңшу мамлекеттер ишти эрте башташкан. Биз болсо артта калыптырбыз. Ал жактагылардын аты-жөндөрүн коопсуздук маселеси үчүн айта албайбыз. Кудай буйруса, эми тиешелүү иш-чараларды аткарып, аларды Кыргызстанга алып келишибиз керек. Эң кыйыны алардын бир тобу согуш жүрүп жаткан аймактарда боевиктердин, айрымдары куралданган оппозициянын колунда болуп жатат. Ошон үчүн аларды оңой-олтоң алып келе алабыз деп айтуу кыйын. Балдардын документи жок болгондуктан ДНК маселеси, тактоо иши да турат.

—Кытайдагы кыргыздардан 55 миңден ашуун кыргыз камалды деген маалымат чыгып, бул маселе катуу талкууга алынды эле. Азыр бул маселе боюнча ахыбал кандай? Сиздер тараптан кандай иштер жүрүп жатат?

—Бул боюнча биз тараптан тиешелүү иштер уланып жатат. Коомчулукта айтылган маалыматтардын баарын текшерип, аныгына жеткенге аракет кылдык. Иш жүзүнө келгенде ошол маалыматтардын 80-90 пайызы жалган болуп чыкты. 55 миң адам камалды деген да болбогон кеп. Чынында бул маселе боюнча көйгөйлөр бар. Аны азырынча айтууга эрте.

—Саясый лагерден аз болсо да чыгып жаткандар боюнча маалыматтар чыгып жатат. Бул маалымат туурабы?

—Менде болгон маалыматтар боюнча, аны саясый лагер деп айтуу да туура эмес. Туурасы окутуу борбору деп айтылат экен. Ал жактагылар ээн-эркин эле ар кандай кесипке окуп, үйрөнүшөт. Ал эми түрмө деген башка да. Муну алмаштырбашыбыз керек. Түрмөгө киши өлтүрүп, каракчылык кылып, баңгизат менен алектенип түшкөн кытайлык кыргыздар бар экен.

—Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бакчиев сиздин жээниңиз деп жазып чыгышты. Маалым болгондой ал адам кылмышка шектелип, аз күн мурун кармалбадыбы. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындык?

—Эч кандай чындык эмес, жалган маалымат. Мен аны сураштырып көрдүм. Бакчиевдин атасы Ак-Суу районунун Теплоключенко деген айылынан, апасы болсо Аравандан экен. Мага жээн кылып жаткандарынын себеби, апасынын фамилиясы Мамытова экен. Ушундан улам толук тактабай эле, жалган жазып чыгышыптыр.

—Кызыл-Омполдогу уранды казууга өкмөт уруксат бергендиги жалпы коомчулукка жакпай катуу сындар айтылып, митингдер уюштурулуп жатат. Бул маселе боюнча Акыйкатчынын позициясы кандай болот?

—Нааразы болгондордун айрымдары мага келип, өз ойлорун айтып кетишти. Негизи бул кенди чалгындоо иши өткөн кылымдын 50-жылдарынын башында колго алынган. Бүгүн да эски шахталардын изи бар. Азыркы технологияларды колдонуп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштетип жатышат. Эми анын эрежелери талапка ылайык сакталышы кажет. Чынында Кызыл-Омполдогу уранды казуунун кесепети, зыяны кандай болот, аны чыныгы адистер жалпы коомчулукка түшүндүрүп бериши керек. Биз да алардын айткандарына жараша өз позициябызды толук билдиребиз да. Биринчи кезекте
технологияны көрүшүбүз керек. Ошондо эле билинип калат.

—Биз башка маселеден кеп кылалы. Акыйкатчы адам укугун сактоо боюнча канчалык деңгээлде эркин иштей алат? Бийликке бир канча багыттар боюнча көз карандылык бар да. Мыйзам жагынан жетишпестиктер барбы?

—Жок деп айта албайм. Мыйзам жагынан чын эле жетишпестиктер бар экени айрым учурларда билинип эле калып жатпайбы. Кыргызстанда Акыйкатчы кызматы 2002-жылы түзүлгөн. Бул кызматтын түзүлүшүнө мен да ал кездеги УКМКнын төрагасынын орун басары катары аралашып калгам. Себеби, парламенттен бул маселе боюнча да өзүнчө иштешкен, андан тышкары мекемелер аралык топ да түзүлүп, мен УКМКда ал топко кирип, аралашып калгам. Биринчи кезекте Акыйкатчы тууралуу мыйзам жакшы жазылып, бул кызмат көз карандысыз болуш керек деген маселе козголуп, ал ишке ашырыла баштаган. Парламентте Акыйкатчы кызматы тууралуу талкууланып жатып, өлкөнүн жетекчилеринин бири чочулап: “Бул институт аябай эле көз карандысыз болуп, өз алдынча болуп калыптыр. Президентке да, парламентке да, өкмөткө да баш ийбейт. Ээнбаш болуп кетишет го” – деп айтылгандан кийин, Акыйкатчыны ооздукташ үчүн Мыйзамдын 7-беренесине кошумча 7-пункт киргизилген. Ал мындай пункт болчу: “Эгер Акыйкатчынын парламентке берген баяндамасы жактырылбаса, анда ал орун басарлары менен кошо кызматтан кетет”. Бул толуктоого юристтер, бир топ депутаттар да каршы чыгышып: Акыйкатчынын көз карандысыздыгын чектеп, “Эмгек кодек-син бузуп жатабыз” – деп абдан чыркырашкан. Бирок болбой эле ошол кездеги президент колдогондуктан, ал толуктоо колдоого алынып калган. Азыр бул мыйзам күчүндө келатат. Бирок Эл аралык уюмдар да ушул маселени дале козгоп айтып келатышат. Менимче, Акыйкатчы боюнча мыйзам 15 жыл жакшы иштеп келди. Быйыл 17 жылга кетип жатат. Эми заман талабына ылайык ал мыйзамды өзгөртүш керек деп ойлойм.

—Кандай негизде өзгөртүү керек? Сиз эми демилгелеп чыгасызбы?

—Мисалы, Казакстан Акыйкатчы тууралуу мыйзамдарды жөнөкөй мыйзамдардын катарынан жогору көтөрүп, Конситуциялык мыйзам кылып койду. Россияда дагы ушундай. Ошондой эле Түркмөнстан, Тажикстандын дагы Акыйкатчылары ушундай мыйзам менен иштеп жатышат. Он-он беш жылдан бери биз алдыда келатканбыз. Акыркы жылдары биз артта калдык. Биз дагы ушундай өзгөртүүгө барышыбыз керек. Ошондуктан Акыйкатчы тууралуу мыйзамдар реформаланып, тиешелүү талапка жооп бергидей кылсак жакшы болот эле. Негизи мындай демилгени мага чейин деле көтөрө башташып, Эл аралык уюмдар, институттар менен иштешип, мыйзамга толуктоолорду киргизишиптир. Бирок бир кемчилиги – мурунку эле мыйзамды толуктап жазып коюшуптур. Ал мыйзамдын тамгаларын алтын менен жазып койсок да адамдын укугун тиешелүү коргой албайт. Ошон үчүн Акыйкатчы жөнүндө мыйзам Конституциялык мыйзам деңгээлинде болуп өзгөрүлүшү мезгил талабы болуп турат. Азыр парламент менен сүйлөшүп, тармактык комитет колдоого алып жатат. Бирок ал үчүн Конституциябызга өзгөртүүлөр кирген учурда мына ушул маселени да демилгелеп, ишке ашырууга аракет кылышыбыз керек.

—Бизнес Акыйкатчы институтун түзүү демилгеси качан ишке ашат?

—Ал боюнча өкмөт токтомду бекитип, парламент колдогон. Дүйнө өлкөлөрүндө Бизнес Акыйкатчы институту бирдей эмес, ар кандай. Батыш мамлекеттеринде жок, ал өлкөлөрдө башкача багытта иштер жүрөт. Бүгүн Россия, АКШ, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр Бизнес Акыйкатчыдан баш тартып жатышат. Бирок биз бул маселени ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Азырынча баа берип, бир нерсеге токтолуп, баса белгилеп айтуу эрте. Бизнес Акыйкатчы түзүлсө, ага бюджеттен каражат кетпейт, аны Эл аралык уюмдар каржылашы керек. Бизнес Акыйкатчы чоң бизнесмендерге жардам бере албайт го. Эми алар көйгөйлөрүн өздөрү чечип алганга мүмкүнчүлүктөрү жетет да. Бирок ишкерликти жаңы баштап жаткандарга, орто деңгээлдеги ишкерлердин укугун, бизнесин коргоп жакшы жардам көрсөтсө, мамлекет үчүн пайдалуу болот деп эсептейм.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: