Menu

Кундуз Жолдубаева: “Мыйзамды сыйлабаган Абылгазиев отставкага кетсин!”

Бөлүшүү:

– КСДП улак тартышка түшкөндөй болуп, коомчулукка түшүнүксүз кырдаал жаралды. Сиздер митингге чыктыңыздар, талап кылып да жатасыздар, мындан натыйжа чыгабы?

– Биринчиден, биз мыйзамды каратып туруп одоно бузууга барган «адилетсиз» министрликтин астында жөн гана акция өткөрдүк. Эгер митинг өткөрө турган болсок, анда ага бүт аймактардан биздин партиянын мүчөлөрү келип катышмак. Жер-жерлерде чыныгы ксдпычылар мамлекеттик делинген органдын мындай жоругуна кыжырлары кайнап, араң эле турушат… Биз аларды «сабыр кылалы, министрликке азырынча бир нече эле партия мүчөлөрү барып, Жамангулов менен жолугуп келет» деп токтотуп турабыз. Андыктан, натыйжа министр менен жолугушуудан кийин гана болушу керек. Дагы бир жолу баса белгилей кетели, министр Марат Жамангулов, анын орун басары Максат Эсеналиев жана министрликтин кайра каттоо башкармалыгынын башчысы ачыктан-ачык эле саясый буюртманы ишке ашырышты. Алардын калп эле бөөшсүнүмүш эткен тактикасы айдан ачык эле көрүнүп турат. Мамлекеттик саясый кызматты ээлеп турган министр Жамангулов «мен саясатыңарды билбейм, Атамбаев ким экенин да тааныбайм» дегендей өңүттө кыр көрсөткөнсүп турат. Бирок ошол эле убакта министрдин мыйзамдагы карама-каршылыктардын артына бекинип алганы – анын пенделик алсыздыгын гана көрсөтүп турат.

Биз министрдин атына үч жолу расмий кат жолдогонбуз. Анда толугу менен болгон кырдаалга түшүндүрмө берилген. «КСДПны рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттери жүрүп жатат, эгерде сиздерге Сагынбек Абдрахманов деген адамдын атынан партияны кайра каттаттуу туурасында, же болбосо реестрдеги маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кайрылган маалыматтар келип түшсө, мыйзам бузуучулукка жол бербеңиздер» деп эскерткенбиз. Анан ошол каттарды окуп, коомчулукта болуп жаткан талкууну сопсонун билип туруп, мындай кадамга барган министрликтин иш-аракетин биз шылуундукка көмөктөштүк көрсөтүү деп баалабай, эмне деп баалашыбыз керек? Демек, эртең көчөдө жүргөн ким болбосун, келе калып эле каалаган коомдук уюмдун же саясый партиянын башына туруп алса болот экен да? Мисалы, эртең бийликтин партиясы түзүлдү дейли… Анан эле Ашмат же Ташмат деген бирөө чыга калып, ошол партиянын атынан жер-жерлерде партконференция демиш болуп кандайдыр бир чогулуштарды өткөрөт. Анан ошол партияга тиешеси жок капкайдагы адамдарды чогултуп алып, съезд чакырсын дейли. Андан кийин мына, биздин чечимге ылайык, партиянын төрагасы Асылбек Жээнбеков эмес, Ашматов Ташмат болду деген кагазын көтөрүп алып, «адилетсиздик» министрлигине барып көрсүнчү. Ошондо көрмөкпүз, бул министрдин кандай иш-аракетке барарын. Ошондуктан бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе.

КСДПны рейдердик жол менен тартып алуу – чектен чыккан саясый ыпластык. Ачык саясый күрөшкө чыга албаган чабалдык жана пастык. Бирок, биз унчукпай отуруп бербейбиз. Акцияларды, митингдерди өткөрүүгө белсенип турабыз. Анткени бизди укуктук талаадан биротоло түртүп чыгарып салууга аракет кылып жатышат. Эгер мыйзам чегинде иш алып барганга мүмкүнчүлүк бербей турган болушса, анда биз керек болсо көчөгө чыгып, үнүбүздү бийликке жеткиребиз. Өткөн акцияда мыйзам бузуучулукка унчукпай жол берип отурган премьер-министр Мухаммеддкалый Абылгазиевдин да аты аталды. Мыйзамды сыйлабаган мындай күнкарама өкмөт да отставкага кетиши керек! Ооздоруна талкан жутуп алгансып, же «ак», же «көк» деп айтканга жарабай отурган айрым адамдар ушул рейдерликке колкабыш кылып жатат дешкен депутаттар да таркасын деген талап да айтылды. Орус туугандар айткандай, бул акция «начало конца» дегендин башталышы болуп калды ойшойт.

– Бул талаш-тартышта мыйзам кайсы тарапта?

– Мыйзам биз тарапта. Абдрахмановдун «ара төрөлгөн» партия сөрөйүндө эмес, чыныгы КСДП тарапта. Башка опурталдуу маселе – бүгүн Кыргызстанда расмий бийлик мыйзамды тебелеп-тепсегенге жол ачып жатат. Антпесе, милдети мыйзамдуулукту сактоо болгон ошол эле юстиция министрлиги ушундай теңирден тескери ишке кантип барды? Ал жакта кимдер отурат бүгүн? Деги билими бар адамдарбы? Же кызмат үчүн өз абийирине өзү түкүргөн бир байкуш пенделерби? Тарыхы бай, убагында бийликте турган, өлкөнүн мурдакы башчысы жетектеген ири партияга карата ушундай зөөкүрлүктү көргөзүп жатышса, катардагы жарандардын укутарынын сакталышы туурасында кандай кеп болушу мүмкүн? Бул чоң күмөн туудурат. Чындыгында бул кесепети өтө оор боло турган абдан кооптуу жагдай. Минтип отурсак, мамлекетибизди жоготуп алышыбыз толук ыктымал, анткени ошондой коркунуч жаралып турат. Президент өзү Жогорку Кеңеште айткан мыйзамдуулук эмес, «түшүнүк» боюнча жашоо өкүм сүрө баштагандай…

Аслан Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: