Menu

Фото – КРнын гербинин автору, “Генералдык клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаев 70 жашта!

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-апрель күнү ИИМдин Борбордук аппаратында салтанаттуу шартта “Генералдар клубунун” төрагасы, запастагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтка ылайык, туулган күн ээсин жетимиш жаш маарекеси менен куттуктоого ИИМдин жетекчилиги, ИИМдин генералдар клубу, кесиптештери, башкармалыктардын жана кызматтардын башчылары чогулушту. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков милициянын ардагерин жетимиш жаш маарекеси менен куттуктап, ага бекем ден соолук, ишине ийгилик, узун өмүр каалап, коомдук маанилүү иштерге жана  жаш кызматкерлерди мекенчилдикке тарбиялоого жигердүү катышып жаткандыгын баса белгиледи. Ички иштер министринин биринчи орун басары ИИОнун салтын улантып, жаш курактарына карабастан ички иштер органдарынын  азыркы кызматкерлерине жардам берип, тажрыйбалары менен бөлүшүп жаткан  “Генералдар клубунун” ролун баса белгиледи. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев ага ден соолук,  узак өмүр каалап, офицердин жубайы жолдошунан ажыратылгыс, анын кызматы жана ийгиликтери-жубайынын кызматы жана ийгиликтери деп, жубайына арналган “Жена офицера” медалын Садырбек Дубанаевге тапшырды.

Садырбек Дубанаев милиция баскан ар бир  жолду баскан, Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлорунун бири жана Кыргыз Республикасынын “Генералдар клубун” жетектейт. Садырбек Дубанаев  ар дайым окуялардын чордонунда жүрүп, демилгечилиги менен иштерге жигердүү катышып келүүдө. Бүгүн, милициянын ардагерин бардык катышуучулар куттуктап, медаль жана белектерди тапшырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: