Menu

Калдарбек Баймуратов, ЖК депутаты: “Азыр бир үй-бүлөдөн бир киши иштеген чоң жетишкендик болуп калды”

Бөлүшүү:

– Калдарбек Шакирович, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элдин өкмөткө карата болгон ишеним индекси 0,6 пайызга төмөндөгөнүн моюнга алып, бирок, муну өкмөт өзүнө эч кандай пиар жасабай иштеп жатканы менен түшүндүрдү. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

– «Жүздөн ашуун иштебей калган ишканалар бар эле, биз ошонун жыйырма алтысын иштеттик, бирок биз аны рекламалап, мактанган жокпуз» деди. Балким, чын эле ошондойдур. Бирок, көз менен көрө турган жумуш жасалышы керек да. Кулак менен уккан аз болуп атат элге, эл көзү менен көрүшү кажет. Жолдор салынып, мектептер, ооруканалар, бала бакчалар курулуп, ирригациялык каналдар казылып, талаалар айдалып, эгин себилип, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү цехтер курулуп жатканын өз көзү менен көрүп, өзү ошол жерге барып иштеп, айлык алса, анан ишенет да. Өзүнүн турмушунан, алган айлыгынан сезиши керек. Азыр бир үй-бүлөдөн бир киши иштеген чоң жетишкендик болуп калды. Себеби, эч ким иштебеген, жалаң мал менен жашаган да үй-бүлөлөр бар.

– Демек, өкмөткө болгон ишенимдин төмөндөгөнү пиар жасалбагандан эмес экен да?

– Албетте, пиардан эмес. Эл өз көзү менен көрүп, сезмейинче телевизордон миң айтып, канчалык пиар жасаган менен пайдасыз. Эл «айтып эле атат, айтып эле атат, натыйжа жок го» дейт да.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: