Menu

Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Отчетту угуп күлкүм келди, суроо берейин деп уялдым”

Бөлүшүү:

Өкмөт парламентте отчет берди. Буга чейин эки комитет өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасын угуп, жактырган. Былтыр апрель айында түзүлүп, ишке кирген өкмөт жыл ичинде бир топ иштерди аткарганын, тармактарда ого эле көп жылыштар бар экенин айтат. Сандар жана пайыздык көрсөткүчтөр менен тизмектелген отчет депутаттардын көбүн ынандырган жок. Ошого карабай, жактырууга аргасыз болушту. Айрымдары мунун себеби өткөндө президент Жээнбековдун депутаттар алдына келип, сөз сүйлөп, «өкмөт отчетун кабыл алгыла» деген ишарат кылып кеткендиги менен ачык эле байланыштырышат. Ошентип, коомчулукта «жакында өкмөт отставкага кетет» деген божомолдорго да чекит коюлуп калды бейм. Анткени, отчет жактырылды. Эми кандай болсо да Абылгазиев иштей бермек болду.

Күндүн негизги темасы болгон уран маселеси өкмөт отчетунан кийинки берилген суроолордун негизгиси болду. Элдин талабы – уран кенин токтотуу. Бул багытта өкмөт ар кандай шылтоолорду айтканы айткан.

– Рыскелди мырза, уран кени боюнча өкмөт эмнелерди айтып жатат?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы күндүн темасы – бул кыргыз элинин келечеги болуп жатат. Өкмөт отчету, же өкмөт ишинин уланышы эмес, улуттун уланышы маанилүү. Эң актуалдуу маселе ушул. Эл эртеңкисинен кооптонуп турат. Элге эч кандай экологиялык экспертиза керек эмес. Уран кени ачылбаш керек. Эченден бери кыргыз эли кен байлык сатып байыган эмес. Кыргызда кен байлык байлык эмес, эл байлык. Кен байлык мамлекеттики болсо, эл байлыгы – ден соолук. Кен байлык эл байлыгына таасир этет. Андыктан, кен ачылбасын, уран казылбасын! Биздин талап ушул.

– Өкмөт «экспертиза жыйынтыгы чыкканга чейин» деп убактылуу токтотподубу…

– «Экспертиза» деп азыр булар жылжытып саясат кетирип жатышат. Ал жер СССР убагында эле изилденген, чалгындоо болгон, экспертизасы чыккан. Элдин пикири экспертизадан да маанилүү. Эл каршы болсо, өкмөт андай иштерге барбашы керек. Чалгындоого берилген лицензияны кайра чакыртып алышы абзел. Урандын канча, торийдин (оор металл) канча запасы бар экени эбак белгилүү болуп калган. Болбой эле өкмөт ушул долбоорду ишке ашырууга жанталашса, анда аягы жаман менен бүтөт. Мен ушул уран проблемасы боюнча өкмөт башчыга жеке өзүм кайрылып, «Токтотуңуз, болбосо Кыргызстандагы уулуу затты саткан, же кыргыздын келечегин саткан премьер катары тарыхта каласыз» дейм.

– КСДП 26сында уран кенинин казылышына каршы митингге чыкканы жатат. Барасызбы?

– Уран боюнча кандай гана акция, митингдер болсо, мен баарына катышам. Аткени, бул өтө кооптуу маселе. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 92 уран калдыктары бар. Анын 33ү хвостохранилище. Көбү Миң-Куш менен Майлуу-Сууда. Ошол жерлердеги уран калдыктарын кайра көмүш үчүн Дүйнөлүк банктан 30 млн. доллар сурап атабыз дагы, жаңы кенди 30 млн. долларга сатканы жатпайбызбы. Пайдасынан проблемасы көп болуп жатпайбы. Ушуну эмнеге эске алышпайт?! Мен таңкалам. Кыргызстан уран калдыктарын көмгөн көрүстөнгө айланып барат. Кен байлыкгарды базарга айлантып, кайра мазар кылып атабыз го? Бул деген түркөйлүк саясат, түбү жок саясат. Бул жерде кызыкдар күчтөр бар. Азыр ачыкка чыгарбай жатышат. Бир нерсени эске алган жан жок. Кен казылса, Ысык-Көл, Нарын, Чүй эмес, кошуна Алматы, Жамбылга да кедергисин тийгизет. Казак тарап чыгышы мүмкүн «уран кенин ачууга уруксат берсеңер, бизге да зыяны тийет» деп дүйнөлүк уюмдардын баарына кайрылышат алар. Мунун арты чоң чатакка айланат.

– Компанияга чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берген Атамбаев болгон экен го?

– Лицензия 2010-жылы ноябрда алыныптыр. Бирок, анда чалгындоого уруксат берилген. Казууга эмес. Чалгындоо деген ал жерде канча запас бар, эмне бар, эмне жок, аныктап гана коюу дегенди билдирет. Казуу деген таптакыр башка. Казып алууга эч ким уруксат берген жок. Чын-чынына келгенде, бул жерде башка маселе жатат. Азыр булар «чалгындап жатабыз» демиш болуп, казып жатышат. Андай эмес болсо, суу топтоп, ишканаларды куруунун не кереги бар эле? Экспертизалык корутундунун не кереги бар эле?

Биздин Майлуу-Суу шаары дүйнөдө эң булганган шаарлардан 3-орунда турат. Биринчи орунда Украинанын Чернобыль шаары, 2-орунда Россиянын Дзержинский, 3-орунда биздин Майлуу-Суу. Ал жерде радиациянын көлөмү 10 эсе жогору. Анан эми Кызыл-Омпол казылса, билбейм эмне болот. Туризмдин мекени делген Ысык-Көлгө эч ким басып барбай калат. Бүтүндөй туризмди, Кыргызстандын келечегин өлтүрөбүз. Укуктук жагын эмес, улуттук мааниси жагын ойлонуу керек.

– Өкмөт башчынын отчётун кандай бааладыңыз?

– Отчетту угуп, бир чети күлкүм келди. Суроо берейин дедим эле, уялдым. Бардык жактан өсүш болуп атыптыр. Өсүштү өкмөт өзү эле көрбөсө, карапайым эл көргөн жери жок. Мен да көргөн жокмун. Эл көрбөгөн чындыкты мен кайдан көрмөкмүн? Сандарды айтып, «мынча өсүш болду, укмуш жыргатып атабыз» дейт. Казынабыз какшып турбайбы. Өсүш болсо, жок дегенде бир тармактын айлык маянасы көтөрүлөт эле го? Мен өкмөттүн жакшы иштегенин, же экономиканын өскөнүн көргөн жокмун. Бир инвестор келбесе, бир ишкана ачылбаса, кайдагы өсүштү айтабыз? Карапайым калк үчүн калп отчет беруүнүу эмне кереги бар?

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: