Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков “Бир алкак – бир жол” эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде “Бир алкак – бир жол” эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Сыдыков Данияр Батырович, Кыргыз Республикасынын Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Бактыгулова Канайым Джумадиловна, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Бейшенов Жанат Саматович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: